ИШЕНИМДИН ПАЙДУБАЛЫ 12-сабак Адрей Петерс

Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт:
Instagram:   / jakshykabar   Facebook:   / jakshykabarmedia   Twitter:   / jakshykabar   Бүгүн биз 12-сабактан Ыйсанын жер үстүндөгү жашоосу жана кызматыжөнүндө карайбыз. Ал Өзүнүн артынан ээрчиш үчүн 12 шакиртти тандап алды, алар өзгөчө түрдө тандалса дагы, бирок алар дүйнөдөн эч нерсеси менен өзгөчөлөнгөн эмес, алардын кээ бирлери жөнөкөй балыкчылар, кээ бирлери Галилея жеринен болушкан. Галилея аймагы динчил адамдар четке каккан, жер болгон. Ал жердеги эврейлер башка элдер менен аргындашып жашашкан. Ошондуктан ал жер бутпарастардынжери деп эсептешкен, бул жер Ысырайылдын бир району болсо дагы,таза жүйүттөр ал жакка барбаганга аракет кылышкан, жана алар ал жердин жашоочуларына жек көрүү менен мамиле кылышкан. Ошентип Ыйса ошол жердин жашоочуларынан, Жаканды, ага ини Петир менен Андрейди тандап алган. Алар жөнөкөй балыкчылар болушкан, алар көл жээгинде балык кармоо үчүн торлорун даярдап жатышканда, Ыйса аларды чакырган. Ошондо алар Анын артынан ээрчип жөнөшкөн. Ыйсанын мындан башка да шакирттери болгон, бирок алар динчил чөйрөдөн эмес, жөнөкөй элдин катарынан болушкан. Ал тургай алардын арасында Матай, салыкчы Закай да болгон, Ыйса Өз жашоосунда Кудай адамдарга кандай караарын, Кудай адамдарды кандай сүйөрүн, сөзү менен да, иши менен да көрсөткөн. Ал эми Кудай адамдарга бет карамалык кылбастан, баарын бирдей сүйөт, жана Ыйса Кудайга муктаж адамдарга кызмат кылгысы келген, Ыйса Өз кызматында адамдар өзгөчө динчил адамдар койгон чептерди, эрежелердин баарын талкалаган. Мисалы пес оорулуу адамдар жөнүндө мындай мыйзам бар болчу, алар адамдардан обочолонуп, шаардын сыртында, жалгыз жашашы керек болгон. Алар Исырайыл коомчулугуна элге жакындап алар менен сүйлөшүүгө тыйуу салынган. Бул абдан жугуштуу оору болгондуктан адамдар алардан качышкан, жана алар эч нерсеге колдорун тийгизбеши керек болгон. Ал эми Ыйса, аларга элден таптакыр башкача мамиле кылган! Ыйса үчүн бул нерсе кыйын болгон эмес, бир күнү пес оорулуулардын тобу Ыйсанын алдынан чыгып: Ыйса Дөөттүн Уулу бизге ырайым кыла көр дегенде, Ыйса алардын кыйналганын көрүп жана ишенимин көрүп, аларды айыктырган. Анткени алар Ыйсаны Дөөттүн Уулу – башкача айтканда Аны Машаяк катары кабыл алышкан эле, Дөөттүн Уулу деген бул Дөөттүн тукуму Машайак дегенди билдирген, ошентип Ыйса аларга колун койгондо, аларга окшоп пес оорулуу болуп калган эмес, а тескерисинче, пес оорулуулар таза болуп калышкан. Бир жолу Ыйса салык жыйноочу Закайдын үйүнө келген, анткени ал Ыйсаны абдан көргүсү келген, ал Ыйса жөнүндө абдан көп уккан жана Ага жолугуу мүмкүнчүлүгүн издеген. Бир жолу ал Ыйсанын, ал жашаган жол менен өтүп бара жатканын угуп, бактын үстүнө чыгып алган, анткени Закайдын бою кичинекей болчу. Бактын үстүнө чыгып алып ал Ыйсаны жана Анын иштерин абдан көргүсү келди, бирок ал Ыйса аны байкап калганын билген эмес. Ыйса бул жерде кайрадан Кудай адамды кандай карай турганын жана Аны издеген ар бир адам, Аны табаарын көрсөттү, Ыйса өтүп баратып, токтоп, Закайды карап: «Закай, түш, Мен бүгүн сенин үйүңдө болушум керек деди», - деди. О-о-о, Ыйса бул жерден бардык чек араларды бузду,Ыйсанын артынан ээрчип келе жаткан топ адамдын баары, Закайдын үйүнөн алыс турушту. Анткени алар үчүн Закайдын үйүнө кирүү жийиркеничтүү болгонү. Салыкчылар - булар римдиктер үчүн эврейлерден салык чогулткан адамдар болушкан, башкача айтканда, эврейди басып алган римдиктер,салыктарды жыйноо үчүн эврей адамдарды жалдашкан. Ошентип алар римдиктер үчүн өз бир туугандарынан салык чогултушкан. Мына ушул себептен элдер аларды жек көрүшкөн,алар менен баарлашкан да эмес жана аларды өз ишенимин жана улутун саткан чыккынчы деп эсептешип атүгүл аларды эврей деп атоодон баш тартышкан. Адатта алар өздөрүнүн иши үчүн, жакшы акча табышкандыктан аларды римдиктерге сатылгандар деп аташчу, жана Закай салык жыйноочулардын башчыларынын бири болгон. Ыйса болсо ага: Мен бүгүн сенин үйүңдө болушум керек деп, анын үйүнө кирди.

Смотрите также