Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Бүгүн биз ишенимдин пайдубалы атуу сабагыбыздын 5-сабагын улантабыз. Биз Башталыш 6 бапты окуйбйз, Адам ата Кудайдан кетип калгандан кийин эмне болгондугун жакшы түшүнүү үчүн биз бул бапты толугу менен окуйбуз Башталыш 6:1-6: 1Жер бетинде адамдар көбөйө баштаганда, алардан кыздар төрөлдү. 2Кудайдын уулдары (тактап аайтканда периштелер) адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады. 3Ошондо Теңир: «Менин Рухум адамдын ичинде түбөлүккө болбойт, анткени алар – дене. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун», – деди. 4Ошол кезде жер бетинде алп адамдар болгон. Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда, алар төрөп, алп адамдар көбөйгөн. Алар байыртадан эле күчтүү, атактуу адамдар болушкан. 5Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү. Ошол мезгилде эле адамзат коомчулугунун бузулгандыгын элестетүү абдан кыйын. 6Ошондо Теңир жер бетине адамды жаратканына өкүнүп, Өз ичинен өтө кайгырды. Карасаңыздар Кудай кандай кайгырган, Анын жүрөгү кандай ооруган? Кудай Өзү жараткан, Кудай Өзү аларды абдан сүйүп жараткан адамдар ушунчалык терс жолго бурулуп, алар ушунчалык бузулуп кеткендигин көрүп Кудайдын жүрөгү абдан ооруган. Адам Өз жаратуучусун четке кагып дүйнөнү чочкоканага айландырды, мен бир окуп берип андан кийин биз караган ушул аяттарды түшүндүрүп бергим келет, мен бул ырды ыйык китепте жазылган ушул куткарылуу жолунан өзүм өтүп бара жатканда, зөүм куткарылуу жолун баштан кечирип жатканда жазган элем бул ырдын мазмуну Кудай баарын жараткандан баштап жан эң коркунучтуу күн топон суу каптаган мезгилге чейинки окуялар жөнүндө, мен бул ырды жазып аны “Кудайдын жүрөгү” деп атап койдум: Адам Эйден багында өзү үчүн Кудай болууну чечкенде, Сен жараткан Эге, эмне жөнүндө ойлодуң экен? Адам мамилени бузуп, Сенден көз карандысыз болууну чечти, Сүйүү четке кагылганда, сезимдерди Жаратуучу, эмнени сезди болду экен? Капыстан адамдын жүрөгүндө, орун калбай, Сен ага керексиз болуп калдың. Өзү ичкен кудукка түкүрүп, өз мүлкүн алып кеткен, адашкан уул сыяктуу, Адам Эйден багынан кетип жатканда, Сенин жүрөгүң канчалык ооруду экен? Дүйнөнү чочкоканага айланып баратканын көрүп, Сенин жүрөгүң канчалык сыздады экен? Адам жакшылыкты жек көргөндүгү үчүн, топон суу баардыгын кыйратты. Иерусалимдин текебердиги үчүн, Сенин жүрөгүң сыздагандай, Сенин сүйүүңдү тааныбай, Бул дүйнө Сени кайрадан четке какты. Атасынын жүрөгү, адашкан уулунун кайтып келгенин жана Кайра тирилгенин көргөндөй Сенин да ушундай жүрөгүңдү, Ушундай шартсыз сүйүүңдү мен түшүнөйүн. Адам Кудайды четке какканда Кудайдын жүрөгү канчалык ооругандыгын биз элестете да түшүнө да алббайбыз. Кудайдын сезимдери адамдын сезимдеринен алда канча күчтүү. Анткени биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылсак дагы, Кудайдын ойлору, Анын акылы, Анын сезимдери Анын бүт табияты биздикинен алда канча жогору жана күчтүү. Биздин акылыбыз бар, биз бир нерсени билсек да бирок баардыгын биле албайбыз. Биздин эркибиз бар бирок Кудайдай болуп, өзүбүз каалагандын баарын кыла албайбыз. Биз чектелгенбиз жана биздин сезимдерибиз да чектелген. Ошондуктан жер үстүндө жашаган ар бир адамдын канчалык бузулгандыгын көргөндө Кудайдын жүрөгү канчалык ооругандыгын биз элестете да албайбыз. Анткени жер үстүндө Кудайды издеген, Кудайды чакырган адам жокко эсе эле. Бирок алар ушунчалык бузулуп кетишкенде Кудайдын жүрөгү абдан ооруган. Эмне үчүн Кудайдын жүрөгү ушунчалык ооруган? Эмне Ал адамды жаратып жатканда, баарын билүүчү Кудай адамдар ушундай жолго түшүп кетээрин билген эмес беле?