Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Саламатсыздарбы, бүгүн биз 11- сабакты карайыз. Биз Кудайдын дүйнөнү жараткандан бери максат кылган куткарылуу жолунун аякташына жакындап калдык, жана бүгүн биз Ыйса Өзүнүн кызматын кантип баштагандыгы, Ал төрөлгөндө көптөгөн пайгамбарлардын алдын ала айткандары, убадалары аткарылгандыгы жөнүндө сөз кылабыз.юиз кийинчирээк алардын көпчүлүгүн эмне деп айтылгандыгын жана алар кантип аткарылгандыгын текшеребиз. Биз буга чейин Жакан элди сууга чөмүлдүрүп, Машаякка жол даярдап жаткан жерге келип токтодук. Мен бул жөнүндө Жакандын жазган жакшы кабары 1:26 окуп берейин: 26Жакан аларга: «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарда силер тааныбаган Бирөө турат. 27Ал менден кийин келип, менин алдыма турду. Мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын», – деп жооп берди. 28Бул Иордан дарыясынын чыгыш тарабындагы Битабара айылында, Жакан сууга чөмүлдүрүп жаткан жерде болду. 29Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат. Бул нерсе Машайактын элге ачылышы деп аталат. Башкача айтканда Машайак буга чейин эле жерде болгон, бирок Ал элге ачыла элек болчу, Ал Жусуп менен Мариямдын үй-бүлөсүндө чоңойуп, кийин 30 жашында кызматын баштаган. Ал алгач Иордан дарыясына келип, Өзүн күнөөкөрлөр чөмүлдүрүлгөн жерге келип, чөмүлүү алгандыгын көрсөткөн. Ыйса Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүлгөнү келе жатканда, Жакан Аны токтотуп, “мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле, а Сен болсо мага келе жатасыңбы” дегенде Ыйса ага: “Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек” деп жооп берген. Ыйса Өзүн Адам Уулу деп атоо менен күнөөкөр адам менен бирикти. Муну менен Ал адам менен бирдейлешип ага окшошкондугун көрсөттү. Анткени Ал бизди куткарышы үчүн Ал бизге окшош болушу керек болгон. Ыйса Өзү бир дагы күнөө кылбаса дагы күнөөкөр адамга окшошуп аны менен биригиши керек болгон. Эсиңерде болсо Ыйса кадимкий адамдардай төрөлгөн эмес, Анда адам атаныкындай күнөөкөр табият болгон эмес. Анын денеси кадмкий өлө турган дене болсо дагы, бирок Анда эч күнөө болгон эмес. Эми болсо чөмүлдүрүүчү Жакан Ыйсаны: Мына, Ал Кудайдын курмандык Козусу деп элге ачып берди. Эсиңерде болсо курманык козу - бул күнөө үчүн чалына турган курмандык. Ошентип көптөн күткөн Кудайдын чыныгы курмандык Козусу келди. Ал бүт элдин күнөөсүн Өз мойнуна алып, күнөөнүн кунун бир жолу жана биротоло төлөдү. Мурунку курмандыктар, мурунку курмандык козулар күнөөнүн кунун чыныгы өлүм менен төлөнүшү керектиги жөнүндө эскертип гана турган. Мал курмандыктардын,козулардын каны күнөөнү жок кыла албайт деп жазылган. Булар келечекте боло тургандын көлөкөсү гана болгон, жана эскертип турган. Башкача айтканда буюм жана анын көлөкөсү болгон сыяктуу эле. Бардык курмандыктар күнөө үчүн чындап өлө турган Кимдир Бирөөнүн көлөкөсү гана болгон. Ал келип адамды Кудай менен элдештирет. Анткени курмандыктар күнөөнүн жазасын толук канааттандыра алган эмес. Эми болсо тээ башынан эле айтылып келе жаткан Кимдир Бирөө келди. Ал көптөн күткөн курмандык Козу, Ал Өзүн адамзаттын күнөөсү үчүн курмандыкка берет. Бирок ошол учурда адамдар муну түшүнүшкөн жок, атүгүл Жакан да муну толук түшүнгөн эмес. Жазууну билген, Машаяк жөнүндө көптөгөн пайгамбарчылыктарды окуган ысырайылдыктар Машайактын келишин күтүп жүрүшкөн, бирок алар Машайакты падыша катары келе тургандыгы жөнүндө гана пайгамбарчылыктарды окушкан, ошондуктан алар Машайактын күнөө үчүн өлөөрүн, Рим кулчулугунан эмес, күнөөнүн кулчулугунан куткараарын түшүнө да, кабыл ала да алышкан эмес. Ошентип алар Ыйсаны өздөрүнүн Машаягы катары кабыл албастан Аны четке кагышты.