Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Сабагыбызды улантабыз, 13-сабагыбызда биз кечки тамактан кийин эмне болгондугун карайбыз. Биз Матай26:30-35 баштап окуйбуз: 30Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү. 31Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган. 32Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам». 33Петир Ага: «Баары Сенден шектенишсе да, Мен эч качан шектенбейм», – деди. 34Ыйса ага мындай деди: «Сага чындыкты айтып коёюн, ушул түнү, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч ирет баш тартасың». 35Петир Ага: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты. Ыйса шакирттери менен Гетсемани деген жерге келди. 38Ыйса аларга: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула», – деди. 39 Анан Ал бир аз нарыраак барып, жүзтөмөндөп жыгылып, сыйына баштады: «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун». Ыйса шакирттерине алдын ала айткандай, шакирттердин баары Ыйсадан шектене турган түн болгон. Ыйса аларга б.а “силер Менден үмүттөнүп, көп жылдар бою күтүп жүргөн нерсеңер аткарылбайт ошондуктан, силер Менден шектенесиңер деген сыяктуу болгон. Ала үмүттөнгөн, алар күткөн көптөгөн нерсени баары талкаланат анткени алар өз ишеним пайдубалын кумдун үстүнө курушкан. Бул кумдун үстүнө курулган үй аба ырайы жакшы кезде тура берет. Бирок качан аба ырайы бузулганда ал талкаланат, анткени бекем пайдубал жок болгондуктан кум аны жууп кетет. Ыйса алардын ишеними кумдун үстүнө курулгандыгын көрө билгендиктен, ал акыры талкаланаары жөнүндө айткан. Бүгүнкү күндө да көпчүлүк машайакчылар өздөрү каалаган, өздөрү үмүттөнгөн нерселерди жыйындан, ишенгендерден, машайакчылыктан Кудайдан күткөндүктөн, алардын ишенимдери кумдун үстүнө курулат. Бирок акыры алар курган имарат бороонго туруштук бере албай кулаганда, алардын көңүлдөрү каылыт. Ыйса муну көрө билгендиктен шакирттерине бул жөнүндө айткан. Ошентип Анын жашоосундагы эң оор түн башталды. Ыйса адамзаттын күнөөсү үчүн өлөөрүн алдын ала билсе дагы, бирок азыр ошол убакыт келгедигин Ал кабыл алыш керек болгон. Ошентип Анда чоң күрөш башталды. Анткени Анын Өзүнүн эрки болгон. Анткени бул азап чегүүдөн качан болбосун, баш тартып кетүү чечими болгон. Бирок Ал: “Ата, Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун” деди. Ошол түнү Ыйсанын күрөшү абдан катуу болгондуктан, Лука 22:44 “ 44Кыйналып жатканында, Ал бүт күчү менен сыйынды. Анын тери кандын тамчысына окшоп жерге таамп жатты” деп жазылган. Демек Ыйсанын күрөшү абдан катуу болгондуктан, Анын чекесинен чыккан тер кан сыяктуу тамган. 43-аятта “Ошондо асмандан бир периште келип, Ага күч берди.” деп жазылган анткени Ыйса күчкө, жардамга муктаж эле. А шакирттери болсо, сергек болбостон уктап калышкан, бирок ушул кыйын убакта кантип периште келип күч берди? Албетте бул ыйык китепте жазылбаса дагы мен мунун мындай элестетем: биз тарыхтын жүрүшүндө көргөнүбүздөй, Кудай байыркы келишимдеги ишенгендерди алар алып келген курмандык аркылуу, күнөөлөрүн кечирип актап аларды куткарган. Албетте алар туура кылгандыктан эмес, а курмандык аркылуу актаган. Жана бул кредитке актоо болгон. Бул күнөөлөрдүн кунун төлөй турган Курмандык али келе элек болчу. Бирок Кудай алардын күнөөлөрүн алардын ишениминин негизинде кечирген. Миаслы: “Кудай Ыбрайымдун ишенимин адилдик катары эсептеген.” Абылдан баштап байыркы келишимдеги ишенгендер акталууну, кредитке алышкан сыяктуу болгон. Мына ушул түнү Ыйса, бүткүл адамзаттын, өткөн, аыркы жана келечектеги күнөөсүнүн кунун төлөө чечиминин кабыл алуу алдында турган, мындай мисалды келтирсек болот: “Бир айылда бир жакыр үй бүлө жашайт, алардын атасы шааргы жарым жыл иштегени кетет. Бирок ал үй бүлөошол убакытта жандарын