Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жаны ыр || Көздөрүң менен коштошуу || Түмөнбай Колдошов
КӨЗДӨРҮҢ МЕНЕН КОШТОШУУ Сөзү Манас Алымбаевдики Обону Түмөнбай Колдошовдуку Көздөр көк асман, көздөр бир дастан, Көзүңө чөгүп, канча адашкам. Бир тиктеп алып, карегим талып, Кирпиктерим да сени самашкан. Жарк этип күндөй, бүркөлүү дүйнөм, Алоолоп жанып, көзүңдө күйдүм. Төгүлдүм сага чайпалып эрким, Көрүндүң мага баладай сүйкүм. Көз баарын таанып, көздөн жаш тамып, Үлпүлдөп өчтү үмүтүм жанып. Кайрылбай бир күн кетээриң билгем, Кайрыктарымда күйүтүм калып. Каректериңде өткөнсүп өмүр, Көздөрүң эстеп кыйналаар көңүл. Көзүңдөн өткөн күндөрүм калаар, Көзүңдөн өпкөн күндөрүм калаар... 03.02.2022. Бишкек