VIDEO
КӨЗДӨРҮҢ МЕНЕН КОШТОШУУ... Сөзү: Манас Алымбаев Обону: Түмөнбай Колдошов Көздөр көк асман, көздөр бир дастан, Көзүңө чөгүп, канча адашкам. Бир тиктеп алып, карегим талып, Кирпиктерим да сени самашкан. Жарк этип күндөй, бүркөлүү дүйнөм, Алоолоп жанып, көзүңдө күйдүм. Төгүлдүм сага чайпалып эрким, Көрүндүң мага баладай сүйкүм. Көз баарын таанып, көздөн жаш тамып, Үлпүлдөп өчтү үмүтүм жанып. Кайрылбай бир күн кетээриң билгем, Кайрыктарымда күйүтүм калып. Каректериңде өткөнсүп өмүр, Көздөрүң эстеп кыйналаар көңүл. Көзүңдөн өткөн күндөрүм калаар, Көзүңдөн өпкөн күндөрүм калаар... 03.02.2022. Бишкек #музыка #бишкек #автор #аккордеонист #баткен #жалалабад #нарын #ош #талас #актив #аксы #алабука