Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
🔹Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жаңы имарат курулду. Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда имараттын ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. 🔹Ош шаарынын мэриясы имарат курууга 18500 чарчы метр жер аянтын жана андан сырткары 10 миллион сом акча каражатын бөлүп берген. Ага ылайык 3 кабаттан турган имарат тургузулуп, бөлмөлөр керектүү эмеректер жана компьютерлер менен камсыздалды. 🔹Ошондой эле өлкө башчынын атынан милиция бөлүмүнө кызматтык унаа белек катары тапшырылды. 🔹Иш-чарада Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жаңы имаратка жеке каражатынын эсебинен 13 кондиционер коюп берүүнү убадалады. __________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия