Кекти жеңген махабат | 8 - бөлүм | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Азимбү күйөөсүнүн ойношун уккандан кийин так секирип кетип калса деле болмок, бирок ал антпеди, өзү ушул күндү сурап алганын билди: "Ботобек деле жакшы адам болчу, балдарын жакын жуута албаган өзүмдө күнөө, жакшы болсом ошол жерде эле жүрбөйт белем" деп ичинен сызып алды. Гүлсана болсо такылдап анча, мынча жумушту өзү эле жасай койчу болгон. Адилет быйыл окууга бара турган эле, Азимбү ал экөөнү дүкөнгө ээрчитип барып алды да кийим-кече сатып берди. Шабдан ага дайындаган эле. Жолдо келатып Жайна менен сүйлөшүп калды. Жайна ага өзүн Сагынай деп тааныштырды. Экөө сүйлөшүп келатып бөлүнө турган болуп калганда: – Ий-ий эже, сизди тим эле жаман айтышат го, андай деле көрүнбөйсүз го? – деди жылмая.

Смотрите также