Тагдырым берген купуя сыр | 5 - бөлүм | Алтынбек жапайы адамдай | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Алтынбек жапайы адамдай сакал мурутун албай, эч ким менен сүйлөшпөй өзү менен өзү болуп он сегиз жылды өтөп чыкты, агалары менен инисине барды эле салкын кабыл алып койду. Улуу агасы Айбек анын колуна миң сом берди да: Эми өз оокатыңды кыл, кээде келип тураарсың, - деди жер карай күңкүлдөп, мунусу үйүнө батыра албасын билдиргени эле. Макул аке, менин тагдырым талкан болду, силер болсо менден кечип койдуңар, эми акыретте кездешээрбиз, - деди да берген акчасын таштап басып кетти. Анын өзүндө акча деле бар болчу, ошол күнү баняга түшүп кычырай кийинди дагы жумуш издеп стройкага кирип иштеп калды. Эч ким менен сүйлөшпөйт, сакал муруту өскөн бойдон, күндө келип иштейт дагы кечке маал батирине кетет, бир айдан өткөндөн кийин капыстан ал Гүлшанды көчөдөн көрүп калды. Уурдана артынан түшүп үйүн көрүп алды, ошондон кийин ал үйдү акмалачу болуп алды, айрыкча бош болгон күндөрү керээли кечке акмалап жүрө берип Урматты таанып калды, баласын көргөнү менен эки баланын бирин-бирине окшоштуруп туруп алды. Бир күнү ал короодон чыккан Калчоронун алдынан чыкты: Уулум, атың ким? – деди ал акырын карап. Калчоро, а сиз кимсиз?

Смотрите также