Тагдырым берген купуя сыр | 3 - бөлүм | Күндө Мээрим өзү келип | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Күндө Мээрим өзү келип көрүп, кан басымын текшерип турат, арадан он беш күндөй өткөндө Аскарды ордунан тургузуп ары-бери жетелеп күндө карындашы, агасы болуп келип жатып такандап баса баштады. Акырындап баса баштаганда бир күнү Мээримдин кабинетине атайын өзү келди, ал аны менен эптеп сүйлөшкүсү келген эле. Аттиң, адам баласынын үмүт-тилеги кандай гана ыйык, анан дагы бийик. Аскар сакая баштагандан бери жүрөгү ордунда эмес, жанына келген врач кыздан сүрдөчү болду, айрыкча анын мээримге толгон көздөрүн көргөндө жүрөгү бир булкуп алат да көпкө чейин дүк-дүк этип токтобой калат. Эшик тык-тык урулганда: Кириңиз! – деди Мээрим жазып жаткан кагаздан баш көтөрбөй, - Кире бериңиз. Уруксат бекен?

Смотрите также