"Керээз" | 6 - бөлүм | Саада катуу ооруп калыптыр | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Саада катуу ооруп калыптыр, көрсө Өскөнбай дагы барбай койгондо сагынып куса болгон экен, эти ысып көзүн ачпай жаткан кызына келип үйрүлө калган Өскөнбайдын үнүн угуп көзүн ачкан Саада: – Ата, сен мени таштабайсың ээ, кайра келдиңби? – дегенде Сарыбай менен Шарапат кубанып кетишти. – Жок кызым, мен сени таштабайм, эми экөөбүз бирге болобуз ээ? – деп чекесинен өптү Өскөнбай. – Апам мени таштап кетпедиби, сен таштабачы ата. – Сени таштабай калайын, сен дарыңды ичсең, анан бир жерге барып келебиз макулбу? – Каякка? – Башын көтөрө суроолуу тигилди, денесинин ысытмасы көтөрүлгөндөн оозу кеберсип эки бети албырып, демиге карап турду.

Смотрите также