Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Бүгүн биз сегизинчи сабагыбызды улантабыз буга чейин биз Мусанын чөлгө качып кеткендиги жана ал жерде ал мидиандык буткана кызматчысына жолуккандыгын караганбыз, Муса өзүнүн чоңойгон үйүн таштап, чөлдөгү Итронун кызына үйлөнүп анын койлорун кайтарган. Муса андан эки уулдуу болгон, ошентип Муса ал жерге жайгашкандан кийин арадан 40 жылдай убакыт өттү, андан ары эмне болгондугун мен Чыгуу 3:1-12 китебинен окуйм: 1Муса мидиандык буткана кызматчысы, кайнатасы Итронун койлорун кайтарып жүрдү. Бир күнү ал койлорду алыс жактагы чөлгө айдап барып, Кудайдын тоосу Хорепке келди. 2Ошондо ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Теңирдин периштеси көрүндү. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү. 3«Эмне үчүн бадал күйүп кетпейт? Барып, бу л укмуштуу кубулушту к өрүп келейинчи», – деди ал. 4Теңир анын көргөнү келе жатканын көрүп, бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды. Ал: «Мен мындамын!» – деп жооп берди. 5Кудай ага: «Бул жерге жакындаба. Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган же р – ыйык жер. 6Мен сенин ата-бабаңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын», – деди. Муса бетин жаап алды, анткени Кудайды карагандан коркту. 7Теңир мындай деди: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем. 8Ошондуктан Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, аны бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып баруу үчүн келдим. 9Ысрайыл уулдарынын боздогон үнү Мага жетти, аларды мисирликтер кантип эзип жатканын көрүп турам. 10Ошондуктан баргын, Мен сени фараонго жиберем. Мисирден Менин элимди, Ысрайыл уулдарын алып чык». 11Муса Кудайга: «Фараонго барып, Мисирден Ысрайыл уулдарын алып чыккыдай, мен киммин?» – деди. 12Ошондо Кудай ага: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун үстүндө Кудайга ийбадат кыласыңар», – деди. Кудайдын Мусаны унутпагандыгы, анын чакырыгы эч жакка жок болуп кетпегендиги абдан кызык, Мусанын чакырыгы жер үстүндө жок болуп кеткендей болсо дагы, ал асманда бекем орнотулган, бирок Кудай Өз тарыхын өз убагында жаратат.Эмне үчүн? Анткени Кудай Мен Өз элимдин азап тартканын көрүп жатам дейт! Кудай эмне мурун көргөн жок беле Муса Кудайга “Сен 40 жыл мурун кайда элең, ошондо эле элиң азап чегип жаткан” десе деле болмок. Эмне үчүн Кудай ушунчалык көпкө күттү? Анткени алардын азап чеккенине 80 балким андан да көптөгөн жылдар өттү. Буга мындай түшүндүрмө бар, Жусуптун убагында жакшы фараонду тааныган эл, Ысырайылдыктар кайра дагы жакшы фараон келип жашоону жакшы кылат деп үмүттөнүшкөндүр. Балким бул эл азыркы тил менен айтканда, банкта сактаган акчалары, мүлктөрү болгондур, алар Мисирде көп убакыт абдан бай жашашты, алардын малдары жана мүлктөрү болгон жана алар аны менен ажырагылары келген жок, ала кайра абдан жакшы мезгил келет деп үмүт кылышкан,алар дагы деле Мисирден чыккылары келишкен эмес. Алар Мисирден чыгыш үчүн жакшы фараонду эч билбеген, жаңы муун келишии керек болчу, мына ушул муун Мисирден чыгууга даяр болмок. Анткени бул муунду Мисирде эч ким жана эч нерсе кармабайт. Анткени алар Мисирден азап чегүдөн башка эч бир жакшы нерсени көрүшкөн эмес, ошондуктан Кудай Ысырайыл элин Мисирден кайсы убакта алып чыгуу керек экенин билген, анткени бул мезгил бышып жетилиши керек болгон. Фараон жана Мисир эли Кудайдын жазасына, ал эми Ысрайыл эли куткарылуу үчүн бышып жетилиши керек болчу. Кудай мунун баарын кантип кылганын биз көрөбүз, Муса болсо Кудайга мен муну кыла албайм деп жооп берди, анткени ал чындап эле качандыр бир күнү өз элиме кызмат кылам деген үмүтүн таптакыр жоготуп койгон эле. Муса Кудайга, Кудай менден башкасын жибер, анткени мен кекечмин деп шылтоолорду издеген, мен бул диалогду азыр өз сөзүм менен айтып жатам: Кудай ага мен сени менен болом дейт, Муса болсо Кудайга “мен фараон менен сүйлөшө албайм, мен чечен эмесмин деп” ар кандай шылтоолорду айткан. Мына ошентип Муса Кудай менен көпкө соодалашып, акыры ал Кудайдын айтканына макул болгон. Муса болсо Кудайга “мен жакшы сүйлөй албайм, мен кекчмин дегенде Кудай ага, адамга оозду берген ким? Деп сурады Кудай ага сен сүйлөй турган сөздү Мен сага оозуңа салып берип турам деген. Мен сага сен сүйлөй турган сөз менен камсыз кыла алам, Ысраилде сүйлөөгө жөндөмдүү, сөзгө чечен, чечендикке жөндөмдүү адамдар аз беле? Эмне үчүн Кудай бул кекеч адамды тандап алды? Анткени Мусаныкындай жүрөк эч кимде болгон эмес. Мусанын жүрөгү Кудайга жаккан, ал Кудайга жаккан момун адам болгон.