Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Биз 9-сабагыбызды улантабыз биз Кудайдын масштабы, мыйзамы жана Анын осуяттарына келип жеттие. Бул мыйзамды он осуятты, Кудай Муса аркылуу Өз элине берген. Биз алгач Кудай Өзү эл менен түзмө түз сүйлөшкөндүгүн, бирок кийинчирээк эл Муса Кудай менен сүйлөшсүн дегенин карадык. Буга чейин айтканымда Кудай адегенде бул осуяттарды элге оозеки айтып, анан Мусага таш лоокторго жазып берген, Мен бул осуяттарды окуп берейин Чыгуу 20:1-17 Биз бул осуяттарды окуйбуз: 1Ошондо Теңир мына бул сөздөрдү айтты: 2«Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин. 3Менден башка кудайларың болбосун. (бул 1 осуят) 4Өзүңө буркан жана жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселердин түспөлүн жасаба. 5Аларга табынба, кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң Менмин. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган кызганчаак Кудаймын. 6Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды сактагандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын. Кийинки осуят (2 осуят) 7Кудай-Теңириңдин атын курулай эле айта бербе, анткени Анын атын курулай эле айта бергендерди Те ңир жазасыз калтырбайт. (3 осуят) 8Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба. (4 осуят) 9Алты күн иштеп, ар кандай ишиңди кыл. 10Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, бала ң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, малың да, үйүңдө жүргөн келгин да эч кандай жумуш кылбасын. 11Анткени алты күндө Теңир асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандын бардыгын жаратып бүткөн, ал эми жетинчи күнү эс алган. Ошондуктан Теңир ишемби күнгө батасын берип, аны ыйыктап койгон. Дүйнөнү жаратып жаткандагы мына Кудайдын ушул тартип эрежеси ушул күнгө чейин иштеп келет, анткени баарыбыз жуманын жетинчи күнү эс алабыз. Биз буга кийинчирээк токтолобуз. Кийинки буйрук: 12Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла. (5 осуят) 13Киши өлтүрбө. (6 осуят) 14Ойноштук кылба. (7 осуят) 15Уурдаба. (8 осуят) 16Жакыныңа жалаа жаппа. Башкача айтканда калп айтпа (9 осуят) 17Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа».(10 осуят) Бул жерде баардык осуят өтө кыска жана нуска айтылган Бирок мында Кудайдын адамдан талап кылган нерсесинин баары камтылган. Биз бир нече осуяттарды карааардын алдында, адамдар үчүн осуяттарды сыртынан эле аткаруу маанилүү экендигине ал эми, Кудай үчүн сырткы да, ички да осуяттардын аткарылышы маанилүү экенине басым жасай кетиш керек. Мисалы Матай 5:27, Ыйса мындай деген 27Байыркы мезгилде жашагандарга: “Ойноштук кылба”, – деп айтылганын уккансыңар. Биз жогоркуда окуганыбыздай Кудай бул осуятты Муса аркылуу качандыр бир өз элине Синай тоосунда берген эле. Тактап айтканда ойноштук кылып, бузуктук кылып никени бузба, нике төшөгүңдү булгаба, жубайыңдын көзүнө чөп салба! Андан ары Матай 5:28 аятта Ыйса бул осуятты так аткарууну түшүндүрүп жатат. 28Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам (тактап айтканда аны менен жыныстык катнашта болууну каалаган адам) өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот. Демек эркек аны менен болбосо дагы бирок ойунда аны менен жатканын элестетип ,фантазировайтетип койсо ал Кудайдын көз алдында күнөө кылган болот. Эгер сен, мисалы: бир нерсени уурдагың келсе, бирок кимдир бирөө көрүп калат деп коркуп, уурдабасаң, сени бул үчүн камап салбайт. Ал эми Кудайдын алдында сен эчак эле уурусуң! Сен ал буюмду албасаң дагы жүрөгүңдө каалагансың, эгерде сен өмүрүңдө атаөэнеңди бир да жолу капа кылган эмес болсоң бирок сен жүрөгүңдө бир эле жолу кыжырданган болсоң анда сен бул осуятты буздуң. Сиз Кудайдын осуяттардын аткарылышына кандай карашын түшүнүп жатасыңарбы? Жана осуяттардын баардыгы ар дайым толугу менен аткарылышы керек!