Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Бүгүн биз 7-сабакты улантабыз, бүгүн биз Ыйык Китептеги баяндалган адамзаттын тарыхы жөнүндө мен буга чейин айтканымдай Кудайдын “перспективасы менен”көз карашы менен карайбыз. Эмне үчүн Кудай бул окуялар аркылуу Өзүн ачып бергиси келген? Арабыздан көпчүлүгүбүз бул окуялар менен Мусанын, Ыбрайымдын, Нухтун, Жусуптун окуялары менен таанышпыз. Бирок эмне үчүн Кудай бизге Өзүн ушундай жол менен ачып бергиси келген? Мен буга чейин айтканымдай бул баяндар менен биз көпчүлүгүбүз таанышпыз. Жана адамдык көз караш менен алып караганда,бул баяндын негизги борборунда адам турат,башкача айтканда, Нух, Муса, Ыбрайым,Жусуп, Дөөтж.башкалар жөнүндөгү окуяларда адамдар негизи каармандар болуп, адамдар көңүлдүн борборунда болушкан. Жана биз бул баяндарда жаман каармандардан ал адамдай болбо, ал эми жакшы каармандардан ушул адамдай бол деп билебиз. Мына ушинтип бул окуялар бизге белгилүү болуп калды, бирок Кудай бул окуяларды такыр башка максат менен жазган. Бул окуялар аркылуу Ал бизге Өзүн ачып бергиси келген. Албетте, негизги каармандар болгон ишенимдин баатырлары жөнүндө билүү маанилүү, бирок, Кудай баарынан мурда бул окуялар аркылуу бизге Өзүнүн мүнөзүн, Өзүнүн жолдорун жана иштерин ачып бергиси келет.Бул эң жөнөкөй жана жеткиликтүү жол, Мисалы: Мен, менин жумушумдагы менин жетекчим абдан жакшы боорукер дейм, бирок менин айткандарым гана көп мааниге ээ эмес, бирок мен жетекчим жөнүндө көбүрөөк айтып берейин: Мен жумушка орношкондон, бир нече ай өткөндөн кийин ал мени өзүнө чакырып, мен жөнүндө, менин үй бүлөм жөнүндө канча балам бар экендиги жөнүндө сурап, мен чоң үй бүлөлүү экенимди билгенден кийин ал менин айлыгымды көтөрдү, мени менен бирге отуруп кофе ичти, ал үчүн менин бүт жашоом кызык болду.аны өзүнүн алдында иштегендердин жашоосу, абалы кызыктырат. Мен силерге бул окуяны айтып бергенимден кийин эми силер бир нерсе кыла алышыңар мүмкүн. Силер эгерде мен да ал жерге жумушка орношсом, анда бул жетекчи мага дагы ушундай жакшы мамиле кылат деп ойлошуңар мүмкүн. Мен айткан окуя силергеменин жетекчим жөнүндө кандайдыр бир маалымат берди. Эгерде менин жетекчим абдан катаал десем, анда бул сө дагы али эч нерсени билдирбейт. А мен силерге бир окуяны айтып берейин: мен иштеген фирмада 20 жыл бою иштеген, мыкты адис бар эле. Анын оорду алмашкыс десек болот, бирок ал кээде эртең менен жумушка кечигип келчү,бир жолу жетекчи ага үчүнчү жолу кечиксең мен сени жумуштан айдап жиберем деп катуу эскертти. Чындыгында ал үчүнчү жолу кечиккенде, жетекчи аны жумуштан кетирип жиберди. Эми бул окуя аркылуу сиз менин жетекчим жөнүндө бир нерсе билдиңиз, жана эгерде силер мен ал жерге жумушка орношсом, анда биринчи кезекте мага ойготкуч саат сатып алышым керек деп ойлойсуңар. Көрдүңүзбү, ушул окуялар аркылуу менин жетекчим жөнүндө билдиңиз жана ушул сыяктуу Кудай окуялар аркылуу дайыма Өзүн ачып берет. Мисалы, Адам атанын бир күнөөсү үчүн Кудай аны аяп койбостон, бейиштен кууп чыкты,муну менен Кудай бүткүл дүйнөнү аябастан соттоду. Эгерде мен күнөөкөр болсом, Кудай мени аяйбы?Мени менен эмне болот?Мына Кудай ушундай кылат. Эми биз Кудай жөнүндө бир нерсени билебиз, бирок андан кийин биз Кудай жөнүндө кызыктуу нерселерди билебиз, баары күнөөкөр болсо да, бирок Ал кээ бирлерин кабыл алат, кээ бирлерин кабыл албайт, эмнеге ушундай? Абыл кабыл алып, Кабыл кабыл алган жок, Шетти, Нухту, Ыбрайымды кабыл алган, алар башкаларга караганда өзгөчө беле? Же алар күнөөсүзбү? Жок! Бирок Кудайда Өзүнүн жолу бар, эгер адам ошол жол менен барса, анда Кудай аны кабыл алат. Биз муну Кудайдын мүнөзүнөн, Анын планынан, Кудайдын табиятынан билебиз, Ал ушундай Кудай жана бул окуяларды биз окуп үйрөнүү аркылуу биз алгач адамдын сапатына жана иш-аракеттерге эмес, а Кудайдын адамдарга кандай мамиле кылгандыгын биле алабыз.Ошондо гана биз Кудай менен туура мамиле кылганды үйрөнөбүз. Анткени биз да бир күнү Аны менен жолугабыз.ошентип биз бул окуяда өзгөчө Ыбрайым жөнүндөгү окуяны улантабыз. Мен силерге бир окуяны эскерте кетейин, качан Кудай Ыбрайым менен келишим түзүп Ыбрайым курмандыктарды алып келип экиге бөлүп койгондо, Кудай аларга келип сенин тукумуң бөтөн жерде төрт жүз жыл кулчулукта болот, аларды төрт жүз жыл бою кыйнап эзишет, бирок ошол жылдар өткөндөн кийин алар бул жерден Мен сага убада кылган Канаан жерден чыгышат деп эскерткен.