Ар бир сүйлөмдө ойдун борбору, ойдун негизи болот. Башка сөздөр ошол ойдун борбору болгон сөзгө толуктоо, ачып берүү кызматында келет. Ошону менен бирге эле ага көпчүлүгү баш ийип, ошол сөздүн айланасында түшүнүктүн ачылышына себепкер болот. Мисалы, бул “бала”. ойдун борбору. Мындан аркы сөз бала тууралуу болот. “Бала” кандай? Акылдуу. Демек “акылдуу бала”. Бала эмне кылды? Окуду. Акылдуу бала окуду. Бала эмнени окуду? Китепти. Акылдуу бала китепти окуду. Бала качан окуду? Кечээ. Акылдуу бала китепти кечээ окуду. Бул сүйлөмдө бардык иш-аракет баланын жардамында ишке ашырылды жана анын айланасында ой кеңейди. Демек, бул сүйлөмдүн ээси. Дагы бир нече мисал: 1. Түркүн куштар сайрап жатат. Сүйлөмдө эмне бар? Албетте, “сайрап жатат” деген кыймыл-аракет же баяндооч бар. Бул кыймыл-аракеттин аткаруучусу куштар. Эгерде куштар болбогондо, кыймыл-аракет да болмок эмес жана “түркүн” деп аталган түрү да болмок эмес. Андыктан бул – сүйлөмдүн ээси. 2. Топ тээ алыс тоголонуп кетти. Кыймыл -аракет “тоголонуп кетти. Бул баяндооч. Бул кыймыл-аракеттин аткаруучусу – топ. Сүйлөмдүн ээси-топ. 3. Менин атым – Адилет. Баяндооч – Адилет. Сүйлөмдүн ээси – “атым”. Анткени бул жерде адамдын аты тууралуу сөз болууда жана ошонун негизинде аты – Адилет экендиги менен ой жыйынтыкталууда. 4. Бир гана тоолор баарынан бийик. Сүйлөмдүн жыйынтыктоочу бөлүгү, баяндоочу “бийик”, бул жерде бийик деп тоолорду айтуудабыз, бул – ээси. Жыйынтыктайбыз: сүйлөмдүн ээси – сүйлөмдөгү ойдун негизи, кыймыл-аракеттин аткарылуусунун себепкери же аны аткаруучу. Баяндооч ачып берген түшүнүк. Кыргыз тилиндеги, дээрлик, бардык сөз түркүмдөрү ээ боло алат. 1. Билим – түгөнбөгөн кен (зат атооч) 2. Ак – тазалыкты билдирген түс (сын атооч) 3. Жети – ыйык сан (сан атооч) 4. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот (ат атооч) 5. Ийгиликтин эрте-кечи болбойт (тактооч) 6. Чуркоо – ден соолукка пайдалуу (кыймыл атоочтор) 7. Күлгөндүн билгени бар (атоочтуктар) Бул башталышы гана, бул тууралуу дагы көп аңгемелешебиз. Телеграм каналыбызга катталып, жаңы маалыматтарыбыз менен кабардар болуп, "Обсудить" командасы аркылуу сунуш-пикирлериңиздерди билдирип туруңуздар:
______________________________________________________ Мыкты презентация жасоо, анын оптималдуу жолдору тууралуу видеосабактар:
https://www.youtube.com/watch?v=cR777... ________________________________________________________ Кыргыз тилинин башка сабактарынын видеотизмеги:
https://www.youtube.com/watch?v=IBp-Y... ________________________________________________________ Аналогиялар, окуп-түшүнүү тууралуу сабактардын тизмеги:
https://www.youtube.com/watch?v=6-vCs... ________________________________________________________ Сүйлөм мүчөлөрү • Сүйлөм мүчөлөрү _________________________________________________________ Сүйлөмдүн баяндоочу • Сүйлөмдүн баяндоочу __________________________________________________________ #кыргызтили #ээ #ЖРТ