Сүйлөмдүн баяндоочу

“Баяндооч” деген аталыш өзү “баяндоочу”, же болбосо “айтып берүүчү”, “аңгеме кылуучу” деген сөздөрдүн терминге ылайкталган формасы. Биз ошого таянуу менен сүйлөмдөгү ойду баяндап, жыйынтык чыгарып турган бөлүгүн баяндооч катары атоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. “Айзат” деген адамды алалы. Бул ушул турушунда адамдын атынан башка эч кандай маалымат бере албайт. “Жалбырак” деген аталыш да ушул турушунда аталыш гана болуп саналат. Ал эми бул эки сөз сүйлөмгө айлануусу үчүн булар тууралуу баяндап берүүбүз керек. Мисалы: Айзат ойноду. Жалбырак саргайды. Мында эки сөз жөнүндө азыраак баяндап, айтып бердик да, бүтүн сүйлөмгө айландырдык. Ошонун негизинде ушул бөлүктөрүн баяндооч катары белгилөөгө акыбыз бар. Баяндооч – сүйлөмдүн баш мүчөсү жана баяндоочсуз сүйлөм курулбайт. Ошондуктан сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзүүдө биринчи баяндоочун таап, анын жардамында ээни издейбиз, албетте, эгерде бар болсо. 1. Өрүктөр гүлдөдү. 2. Тээ алыскы токойдун кучагынан булбулдун сайраганы угулуп жатты. 3. Болгон окуяны өз көздөрү менен көрүү үчүн барып келишти. 4. Сабагынан кеч калбоо максатында чуркап жөнөдү. Бул көрсөтүлгөн сүйлөмдөгү ойду баяндап берген бөлүктөрү “гүлдөдү”, “угулуп жатты”, “барып келишти”, “чуркап жөнөдү” деген этиш сөздөр болду. Демек, баяндооч. Бирок бул жерден этиш сөз түркүмү гана баяндооч болот деген ойдон алыс болуу керек. Анткени мындан башка сөз түркүмдөрү да толук кандуу баяндооч боло алат. 1. Адамзатты өнүгүүгө алып баруучу эң негизги күч – билим /зат атооч 2. Бул айылдын абасы – таза./сын атооч 3. Беш жерде беш жыйырма беш./сан атооч 4. Жашоо сунуштаган ийгиликтердин бардыгын багындыруучу менмин. /ат атооч 5. Жибектин үйү сенин үйүңө караганда жакын. /тактооч Байкалгандай, этиш сөз түркүмүнөн башка дагы маани берүүчү сөз түркүмдөр баяндоочтук кызматты аткара алат. ___________________________________________________________________ Телеграм каналыбызга катталып, жаңы маалыматтарыбыз менен кабардар болуп, "Обсудить" командасы аркылуу сунуш-пикирлериңиздерди билдирип туруңуздар:
______________________________________________________ Мыкты презентация жасоо, анын оптималдуу жолдору тууралуу видеосабактар: https://www.youtube.com/watch?v=cR777...
________________________________________________________ Кыргыз тилинин башка сабактарынын видеотизмеги: https://www.youtube.com/watch?v=IBp-Y...
________________________________________________________ Аналогиялар, окуп-түшүнүү тууралуу сабактардын тизмеги: https://www.youtube.com/watch?v=6-vCs...
________________________________________________________ Сүйлөм мүчөлөрү    • Сүйлөм мүчөлөрү   __________________________________________________________ #кыргызтили #баяндооч #ЖРТ

Смотрите также