Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Артроз – бул муундардын оорушу жана жешилиши менен кеңири таралган дарт. Бул оору муундардын ичиндеги кемиршектин бузулушунан жана жукарганынан улам пайда болот. Натыйжада, муундар ооруп, кыймыл-аракет чектелип, шишип чыгат. Подкасттын бул эпизодунда бизге конок болуп доктор ортопед Тырготов Таалай Амантурович менен маек курдук. Ал артроздун себептери, белгилери жана дарылоо жолдору тууралуу айтты. Ошондой эле, бул ооруну кантип алдын алуу жана муундардын саламаттыгын сактоо боюнча кеңештерин берди. Доктор Тырготов артроз менен күрөшүүнүн заманбап методдорун жана жаңы ыкмаларын да талкууладык. Муундарыңыздын ден соолугун сактап калуу үчүн, бул кызыктуу жана пайдалуу эпизодду өткөрүп жибербеңиз.