Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бүгүнкү күндө абдан кеңири таралган жана жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен оору – артроз тууралуу сүйлөшөбүз. Артроз – бул муундардын кемирчеги акырындык менен бузулуп, оорутуу, кыймылдын чектелиши жана деформация менен коштолгон өнөкөт дарт. Ал билинбей башталып, убакыт өтүп бара-бара күчөп, күнүмдүк жашоого чоң тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Биздин конок – Сулайманов Жаныш Дайырович, медицина илимдеринин доктору (Д.м.н.) – артроздун негизги себептери, алгачкы белгилери, дарылоо жана алдын алуу ыкмалары тууралуу кеңири айтып берет. Ошондой эле муундарыңызды кантип сактап калуу жана жашоону оорутпай улантуу тууралуу баалуу кеңештер менен бөлүшөт.