Ферритиндин аз - SOS

Биз Кыргызстанда көп чарчап, дем жетпей, баш айланып, тырмак сынып, чач түшүп, маанай түшүп жүргөнүн «стресс» деп ойлойбуз. Бирок көпчүлүк учурда бул — ферритиндин төмөн болушу. Ферритин – бул жөн гана «кан аздык» эмес. Бул организмдин энергия сактагычы, жашоонун «отуну». Бул подкаста биз төмөн ферритин эмнеден пайда болорун, кимдерде көп кездешерин, кантип аны текшерүү керектигин жана кандай жол менен коопсуз көтөрүүгө болоорун жөнөкөй тил менен талкуулайбыз. Бул эпизод өзгөчө: • көп этек кир келген аялдарга • төрөгөндөн кийинки энелерге • спорт менен алектенгендерге • дайыма чарчаган жана уйкусу канбаган адамдарга • бала өспөй жатат деп тынчсызданган ата-энелерге Ден соолук — биринчи байлык. Ферритинди текшерип көрүңүз. Мүмкүн, сиздин күчтүн кайда кеткен жери — дал ошондо.

Смотрите также