Тагдырым берген купуя сыр | 2 - бөлүм | Алтынбек дароо милицияга | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Алтынбек дароо эле милиция бөлүмүнө барды, анын жүзү бозоруп, кан-сөлү качып кеткенин көрүп Алибек Андашев чоочуп кетти, Алтынбек болгонун жазып анын алдына койду. Эмне болду? – деди ал кагазга көз жүгүртүп жатып. Мен киши өлтүрдүм! Кандайча? – деди да жанындагы сержантка кайрылды, - Сержант Аттокуров, муну алып барып камап сал! Жарайт, майор Андашев, - деди да Алтынбектин колуна кишен салып туруп камерага алып барып камап койду, анын ата-энеси дайынын билбей үрпөңдөп жатышкан. Бу баланын жүрүшү бузулду, эмне кылып жатканы белгисиз, - деп Жээнтай күйөөсүнө карай күңкүлдөдү. Акылы бар, балдары менен жүргөндүр. Ушу машинаны бекер алып бердиң, үйгө келгенин дагы койду. Жаш эмеспи, ойносо ойноп күлүп алсын. Ойнобой курусун, бирдеменин ичинен чыкса эмне болот, азыркы убакта бекерчилер болбойт, иште деп айтпайсың, - деп жинденип жүрөгү бир нерсени сезгендей кирип-чыгып тынчы кетип жатты. Шадыбек дагы сыртынан билдирбегени менен: “Чунак бала эмне кылып жүрөт, тынч эле болсо экен, үйгө келбегени эмнеси, кечээги түрү бир башкача эле”, - деп өзүнчө кыжаалат болуп эшигинин алдында басып жүргөндө эки милиция келди, булар жолдогу балалуу аялдын өлүмү тууралуу келгендер эле, Алтынбек бара электе чыккан эле.

Смотрите также