Болот Назаров - АТТИҢ АЙ | Айт Айт Десе

Жаралганы биз дагы Жаман көндүк келе деп Мекеним пайда көп берди Мекенге эчким бере элек Эх дүйнө сен бир керемет Эки ооз ыр менен чегелеп Ырдачу жайсаң толтураа Тыңдачу Манас келе элек Чор таман элдин атынан Чоң кызматка барабыз Омуроого очойтуп Ордендерди тагабыз Оорчулук күндөрдө Оозубус төйнөп алабыз Окууну бүтүп жумушсуз Калбасын үчүн балабыз Жемкор менен күрөшөм Жардам бер деп какшайсың Жардам берсек кайра не Жарга такай баштайсың Милярдаган акчалар Жоголгонун биз айтсак Жоо чапкандай каптайсың Азыр Ээ болгондор мунайга Ээ бербей келет кудайга Тамак жок жүрсөң бул айда Там салып койот Дубайга Батыр болсоң эл менен Батса бат кошо убайга Саламдан башка бекер жок Саал кымбат бу жайда Сусабасаң ичпейсиң Сурасаң берет кудайда Этпесең болбойт эштеке Экпесең чыкпайт буудай да .......... Дырдыйматтар көбөйдүк Дыйкандарды элегис Атчоттордо айтылган Акчасын бөлбөй келебиз Өлчөп айдап дыңдарды Өпчап эгин эгебиз Таза азык түлүктүн Мекени болбой неге биз Тарыныч айтып тагдырга Тарылып жүрө беребиз Кайкалап басып жүрүүгө Хан сарай курат ах неге Ийилип иштеп турууга Иш кана курсак жакшы эле Заводу жок кайран эл Заманынан арта эле Басканды койуп алдыга Баратабыз артка эле Айаса да жетпеди Айдан айга айлыгы Жумуш таппай баардыгы Жумушсузтар арбыды Түбүң түшкүр дүнүйө Хан сарайдын кеңдиги Алачыктын тардыгы Тогуздун алтоо ачка эле Тойгузалбай карынды Беш балалуу эненин Берекеси тарылды Кайдыгер элдин башынан Кайгысы кайдан арылды Каатчылык мезгилде Хан сарай салыш зарылбы ....... Каалагандай иш кылып Кармата да калып акчаны Мынча не көп салганбыз Мыйзамсыз заправканы Кужулдап адам көп жерге Куруп алдык канчаны Канча жолу тактадык Карупсиялуу жол барын Чычалаңда калбастай Чыгып кетсе чоң жалын Обшум кыргыз үстүндө Отургандай бомбанын ......... Жаны кетсе топурак Жааташкан топурап Жогорку Кеңеш момундай Жолукканы сонундай Сокур атка котур ат Жалпактап уруп кошомат Жанынан кееде чочулап Жарма кулдар не десе Жан дилинен кошулат Бойосун абдан кандырып Болбогон ишти болтурат Тобу менен калп айтып Толбогон ишти толтурат Беш алтоо гана нак айтып Бектердин көзүн алайтып Береке берчү ой курат Башкалары жыйында Барса да элдин атынан Балык болуп олтурат Жыйындын түрү болсо да Жыйынтык чыкпай оңдураак Байагылар келатабыз Байаагы эле жолду улап Абалкылар ооруну Айттырбай келет дечү эле Айтырып келген ооруга Акылым жетпейт эч эле Каран тин каран түн болуп Карайладык кэчее эле Кабаталып турганда Каалга жана терезе Ууктай тиреп алды элек Унутпаш керек тез эле Элсиз хан кайгы чекпейби Элди унутуп кетпейли Эки чылбыр бир тизгин Эки колдо десе эле Эркин мүнөз кыргызды Эркиндикге жетеле Сандаган жумуш алдыда Атиң Саясат жаман экен ээ Достор айтаар күйдүрүп Душман айтаар сүйдүрүп Күндө чыкпай жанынан Күн жүрүпда түн жүрүп Көрүнөөдө гүлдүрүп Көмүскөдө бүлдүрүп Тактысын далай бектердин Талкалаган тим жүрүп Жасалмалуу жандоочтор Жасап койуп бир бүлүк Жардан түртүп ийишкен Жандагандар бир жүрүп Өзгөчө мактайт элекго Өсүп турсак айсайын Болушунча жеп ичкен Болуштарың байкадым Болочок үчүн мен сизге Болушкандан айтамын Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / temirovlive   Биздин тик-ток -
Инстаграмыбыз -   / aytaytdese  

Смотрите также