Болот Назаров | Куу куудалар

Куу кудалар Насилинде Кыргыздын Башчыга итаат кылабыз Баш башына бий болбой Баш ийебиз угабыз Баш аламан иштерди Баштап жүрөт кудаңыз Башчы болгон абамдын Баштагы сөзү кайда деп Баштарды чайкап турабыз Сен каркыра мен турна Мен турган жерде сен турба Элди тоноп уйалбай Эки бетти тултуйта Башчы менен кудасы Байлыкты басып куйрукка Башы көзү жок эле Баратабыз кургуйга Адам чыкпайт айбандан Айбан чыгат адамдан Ала калам деген көп Ала барман замандан Колдоо үчүн ишкерди Гознактан тендер каралган Алтымыш эки ар бири Миллион сом деп саналган Отуз эки тендерди Ойлонбой утуп алалган Шум кишинин артынан Шумдук кыздар жаралган Жыйырма бир эле жашында миллионерден боло алган Абам кечээ кудам деп Сага ишенсем Дурус деп Сандыка салсаң элдикин Сага айтам кантип дурус кеп Кармалгыча биз таап Канчаны койдуң жулуп жеп

Смотрите также