Чиркейчелик боло албадык адамзат | Айт Айт Десе || Болот Назаров

Карагайың, кайың, талың, терегиң. Кандай бизге тийет десе керегиң. Канча адам дем чыгарып, дем алса Канына кан, жанына жан берээрим. Өзөн, кырың, адыр, кокту колотуң Өзгөдө жок дары чөпкө толосуң Өйдө ылдый тагдырыман аксасам. Өзөгүмө өзүң шыпаа болосуң Нагыз дайра, мөлтүр булак, сууларың. Наар татамын, чөмүлөмүн, жуунамын. Мени мезгил канча жолу өлтүрсө Мен өзүңөн кайра-кайра тууламын. Карагайың калемдердей кыязы. Кашка суулар калемиңдин сыясы. Бүт ааламды батырчудай сезилет. Чырпыктагы чымчыгыңдын уясы. Чиркин дүйнө атаганат табият Чиркей дагы табиятка табынат Чиркеп алып түрлүү түмөн түйшүктү Чиркейчелик боло албадык адамзат Бизде болсо кыжы кужу саясат Бириндешип бир биринен талашат Сени кандай соодалайбыз деп алып Саясаттын сайасынан адашат Сени коргоп чыккан жаран болсо Сенек кылат кодулашат камашат Улуп жулуп уусу менен тектерди Уратабыз улуу коргон чептерди Кырка тоону кырып жоюп таштабай Кыртыштарын иштетсе эле жетпейби Меенет кылбай даяр кенди сатышпай Мээ иштетип мен кыйынмын дешпейби Бубак баскан черлерде Сүрөттөрү калгандыр Булуттар өпкөн тоолордо Дүмөктөрү калгандыр Буга чейин бабаңдын Бутуң тийген жерлерде Жүрөктөрү калгандыр Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / temirovlive   Биздин тик-ток -
Инстаграмыбыз -   / aytaytdese  

Смотрите также