Жогоркулар пулдап койгон эмгиче, жаныңды бер Ысык-Көлдү бергиче| Айт Айт Десе | Акын

“Байкуш Кыргыз делгиче” Сулуулукту берип турган ажайып, Суулар-тоолор кетип жатат алайып, Сугалактын салып бербей колуна, Сактап алчы айланайын калайык! Жогоркулар пулдап койгон эмгиче, Жаныңды бер Ысык-Көлдү бергиче. Желкең менен жерге кирип кеткиниң, Жерин саткан байкуш кыргыз делгиче. Жердин баркын билип келген элденсиң, Жер ырысын чоңдор эмес, эл жесин. Жегендерди жоопко тартып алсаңчы, Жетим-Тоонун тилдиргенче желкесин. Ууланасың, ураныңды ачтырба! Урпагыңдын ырыскысын чачтырба! Уул-кыздарды кор кылганча тик туруп, Уурулардын жегендердин аш кылба! Тараткыдай жер-сууларда не күнөө? Тилди жутуп, тиктеп калдың сөгүнө. Түзөлгөнү желегиңдин нурлары, Тирүүлүктө тийсе керек сөөгүңө. Барган сайын кордук көрүп уул-кызың, Бүл күндөрдө өчкөн калды жылдызың. Билигиңдин күйгөн отун өчүрбөй, Биригип ал, элим менин Кыргызым. _________________________________________ Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / ayt_ayt_dese   #кыргызстан #цензура #садыржапаров #ташиев #бийлик #жогоркукенеш #болоттемиров #акылбекжапаров #коррупция #уланниязбеков #сөзэркиндигинекысым #жетим-тоо #бизнес #жекеишкер Биздин фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?...
Биздин Тик-Ток:
Биздин Инстаграм: https://www.instagram.com/aytaytdese1...

Смотрите также