Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ички энергия Системаны түзгөн бардык бөлүкчөлөрдүн потенциалдык жана кинетикалык энергияларынын суммасы - системанын ички энергиясы деп аталат. Системадагы бөлүкчөлөр кандай кыймылда болушу мүмкүн? 1- алга умтулуу, 2- айлануу, 3-термелүү кыймылдары, анын кинетикалык энергиясын түзөт. Системадагы бөлүкчөлөрдүн тартылуу, түртүлүү күчтөрү, ички ядролук, электрондун дүүлүгүү энергиялары, нурдануу, ички молекулалык химиялык реакциялар ж.б. системанын потенциалдык энергиясын түзөт. Системанын температурасы чоңойгон сайын бөлүкчөлөрдүн баш аламан кыймылынын ылдамдыгы өскөндүктөн, кинетикалык энергиясы системанын температурадан көз каранды. Системадагы бөлүкчөлөрдүн тартылуу, түртүлүү күчтөрү алардын ортосундагы аралыктан көз каранды болгондуктан, потенциалдык энергиясы системанын көлөмүнөн көз каранды. Демек, системанын ички энергиясын U менен белгилесек, ал температура менен көлөмдөн функция болот: U=U(T,V) Системанын ички энергиясы температурасы менен көлөмгө жараша болот. Системанын ички энергиясынын абсалюттук маанисин аныктоого мүмкүн эмес, анын кандайдыр бир процесс учурундагы өзгөрүшү гана аныкталат. Система бир абалдан экинчи абалга өткөндө, анын ички энергиясы өзгөрүшү жылуулук жана жумуш түрүндө байкалат.