Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
ЭЛЕКТРОЛИТТЕР Эки же андан көп компоненттен турган, курамы эригичтигине жараша өзгөргөн гомогендик система эритме деп аталат. Эритмелер электр тогун өткөрүшү боюнча электролиттер жана электролит эместер деп бөлүнөт Эритмелери же балкымалары электр тогун өткөргөн заттар электролиттер деп аталат. Электролиттерге кислоталар, негиздер жана туздар кирет. Эритмелери же балкымалары электр тогун өткөрбөгөн заттар электролит эместер деп аталат. Аларга металл эместер: суутек, кычкылтек, азот, неон, аргон ж.б. Электролиттик диссоциация. Кислоталар, негиздер жана туздардын суудагы эритмелери же балкымалары токту өткөрөт. Эмне себептен кислоталар, негиздер, туздардын суудагы эритмелери же балкымалары электр тогун өткөрөт? Электролиттерде токту кандай бөлүкчөлөр өткөрөт? Бул бөлүкчөлөр эмне деп аталат жана кандай пайда болот? «Ион» грек тилинде жылып жүрүүчү (миграция) дегенди билдирет. Кислоталардын, негиздердин жана туздардын ажырашы. Кислоталар сууда эригенде суутектин жана кислота калдыктарына диссоциацияланат. Көп негиздүү кислоталар баскычтуу ажырайт: H2SO4 → H+ + HSO4- (гидросульфат) HSO4 H+ + SO42- (сульфат) HSO4- иондору толук диссоциацияланбайт, ошондуктан белгиси коюлат, ал белги пайда болгон Н+ жана SO42- иондору кошулуп, баштапкы HSO4- иондорун пайда кыларын көрсөтөт. Мындай процесстерди кайталанма процесс деп аташат. Эгерде иондорго ажыроо ылдамдыгы баштапкы иондордун пайда болу ылдамдыгынан чоң болсо, анда диссоциация процесси оңго, ал эми эгерде тескерисинче болсо солго жылат. Ошондой эле фосфор кислотасынын баскычтуу диссоциациясы: H3PO4 → H+ + H2PO4- (дигидрофосфат) H2PO4- H+ + HPO42- (гидрофосфат) HPO42- H+ + PO43- (фосфат) Электролиттик диссоциация теориясынын негизинде кислоталарга төмөндөгүдөй аныктама берсе болот: ● Сууда эригенде катиондор катарында суутектин иондоруна жана кислота калдыктарына диссоциацияланган татаал заттар кислоталар деп аталат. Сууда эригенде суутектин иондорун пайда кылган заттар кислоталар деп аталат. Негиздер. Эрүүчү негиздердин бардыгын сууда эриткенде терс заряддалган гидроксид иондорго жана оң заряддалган металлдардын иондоруна ажырайт, мисалы: LiOH → Li+ + OH- ; NaOH → Na+ + OH-; KOH → K+ + OH- Электролиттик диссоциация теориясынын негизинде, негиздерге төмөндөгүдөй аныктама берилген: ● Сууда эригенде аниондор катарында бир гана гидроксид иондоруна жана катиондорго диссоциацияланган татаал заттар негиздер деп аталат. Же С.Аррениус электролиттик диссоциация теориясынын негизинде: ● Сууда эригенде гидроксид иондорун пайда кылган заттар негиздер деп аталат. Эритмелерде гидроксид иондорунун болушу негиздерге мүнөздүү жалпы касиеттерди түшүндүрөт. Туздар. Орто туздар катиондор менен аниондорго диссоцияланат: LiCl → Li+ + Cl- ; NaF → Na+ + F- KNO3 → K+ + NO3- ; CaCl2 → Ca2+ +2Cl- Al2(SO4)3 → 2Al3+ +3SO42-; NH4Cl → NH4+ + Cl- ● Сууда эригенде катиондор менен кислоталык калдыктарга ажыраган татаал заттар орто туздар деп аталат. Кычкыл туздар. Кычкыл туздар баскычтуу диссоцияланат: NaHSO4 → Na+ + HSO4- HSO4- H+ + SO42- ● Кычкыл туздар - суудагы эритмелеринде аниондорго жана катиондор менен бирге суутектин иондоруна ажыраган татаал заттар. Анион катарында сөзсүз кислоталык калдык пайда болот, себеби эритмеде оң жана терс заряддардын суммасы бири-бирине барабар. Негиздик туздар. Негиздик туздар баскычтуу диссоцияланат: Mg (OH)Cl → Mg (OH) + + Cl- Mg (OH) + Mg 2+ + OH- Ca(OH)Cl → Ca(OH) + + Cl- Ca (OH) + Ca2+ + OH- Al(OH) SO4 → Al(OH)2+ + SO42- ; Al(OH)2+ Al3+ + OH- ●Негиздик туздар - суудагы эритмелеринде катиондорго жана аниондор менен гидроксид иондоруна диссоцияланган татаал заттар.