Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
ТЕРМОХИМИЯЛЫК ТЕҢДЕМЕЛЕР БОЮНЧА ЭСЕП ЧЫГАРУУ МЕТОДИКАСЫ
ТЕРМОХИМИЯЛЫК ТЕҢДЕМЕЛЕР БОЮНЧА ЭСЕП ЧЫГАРУУ. Химиялык реакциялардын жылуулук эффектиси боюнча маселе иштөө 1-мисал. Эгерде туруктуу басымда күкүрттүн күйүү жылуулугу 297 кДж/моль болсо, анда 8 г күкүрт күйгөндө канча бөлүнөт? Берилди: Күкүрт 8г Qх.р.=297 кДж/моль Чыгаруу: 1.Күкүрттүн күйүү реакциясынын термохимиялык теңдемесин жазабыз: S + О2 = SO2 + 297 кДж/моль 2. Термохимиялык теңдемени колдонуп, бөлүнгөн жылуулук табылат: 32г күкүрт күйгөн 297 кДж жылуулук бөлүнсө, 8 г күйгөндө х кДж жылуулук бөлүнүп чыгат: Q -? Жообу: Q =74,25 кДж 2-мисал. Эгерде туруктуу басымда көмүртектин күйүү жылуулугу 393,5 кДж/моль болсо, анда 10 кг көмүртек күйгөндө канча жылуулук бөлүнөт? Берилди: Көмүртек 10кг Qх.р.= 393,5 кДж/моль Чыгаруу: 1.Көмүртектин күйүү реакциясынын термохимиялык теңдемесин жазабыз: С (катуу) + O2(газ) =СO2 (газ) +393,5 кДж/моль 2. 10 кг көмүртектин массасын грамга айландырабыз: 10 кг=10000 г. Q -? 3.Термохимиялык теңдемени колдонуп, бөлүнгөн жылуулук табылат: 4. 12г көмүр күйгөндө 393,5 кДж жылуулук бөлүнсө, 10000 г күйгөндө х кДж жылуулук бөлүнүп чыгат: Жообу: Q =3,28.105 кДж 3-мисал. Эгерде 1 моль суутектин күйүү жылуулугу 286 кДж болсо, анда 55,9 дм3 суутек күйгөндө канча жылуулук бөлүнөт? Берилди: Vcуутек=55,9 дм3 Qх.р.= 572 кДж Чыгаруу: 1.Суутектин күйүү реакциясынын термохимиялык теңдемесин түзөбүз: 2. 2Н2 + О2 = 2Н2О + 572 кДж/моль 3. 55,9 дм3 суутектин көлөмүн литрге айландырабыз: 1 дм3= 1л, 55,9 дм3 =55,9л. Q -? 4. Термохимиялык теңдемени колдонуп бөлүнгөн жылуулук табылат: 22,4л суутек күйгөн 286 кДж жылуулук бөлүнсө, 55,9 л күйгөндө х кДж жылуулук бөлүнөт: Жообу: Q =713,7 кДж 4-мисал. 7 г темир күкүрт менен өз ара аркеттенишкенде 11,9 кДж жылуулук бөлүнсө, химиялык реакциянын термохимиялык теңдемесин түзгүлө. Берилди: Темир 7 г; Q=11,9 кДж Чыгаруу: 1. Реакцияны жазабыз: Fe + S = FeS 2. 56 г темир күкүрт менен өз ара аркеттенгенде канча санда жылуулук бөлүнүп чыгарын табабыз: 7 г Fe - -- 11,9 кДж бөлүнүп чыккан болсо, Q х.р.-? 56 г Fe --- х кДж бөлүнүп чыгат: 7 г : 56 г = 11,9 кДж : х кДж; х=95,2 кДж 3. Мындан термохимиялык теңдеме төмөндөгүдөй болот: Fe + S = FeS + 95,2 кДж , Q х.р.= 95,2 кДж. (Q х.р. химиялык реакциянын жылуулук эффектиси). Жообу: Q х.р.= 95,2 кДж. 5-мисал. Туруктуу басымда азоттун кычкылтек менен болгон термохимиялык реакциясы берилген: 0,5N2 + 0,5O2 = NO – 91,3 кДж/моль. Реакциянын толук жүрүшү үчүн 28 г азот менен кычкылтек жетиштүү санда алынса, канча жылуулук бөлүнөт же сиңирилет? Берилди: Күкүрт 8г Qх.р.=396 кДж/моль Чыгаруу: 1. Термохимиялык теңдемени колдонуп, сиңирилген жылуулуктун саны табылат: 14 г азот күйгөндө 91,3 кДж жылуулук сиңирилсе 28 г күйгөндө х кДж жылуулук сиңирилет: Q -? Жообу: Q = - 192,6 кДж жылуулук сиңирилет. 6-мисал. Берилген термохимиялык реакция боюнча 4Р +5О2 =2Р2О5 + 3010 кДж 31 г фосфор күйгөндө канча жылуулук бөлүнөт? Берилди: Фосфор 31г Qх.р.=3010 кДж/моль Чыгаруу: 1.Фосфордун күйүү реакциясынын термохимиялык теңдемеси боюнча, 124 г P күйгөндө +3010кДж жылуулук бөлүнөт: 2.Термохимиялык теңдемесин колдонуп, 124 г P күйгөндө +3010 кДж жылуулук бөлүнсө, 31 г күйгөндө х кДж жылуулук бөлүнөт. Q -? Q = 31•3010 / 124 = 725 кДж Жообу: Q=725 кДж 7-мисал. Туруктуу басымда 8 г күкүрт күйгөндө канча жылуулук бөлүнөт? Берилди: Күкүрт 8г Qх.р.= 297 кДж/моль Чыгаруу: 1.Күкүрттүн күйүү реакциясынын термохимиялык теңдемесин жазабыз: S + О2 = SO2 + 297 кДж/моль 2. Термохимиялык теңдемени колдонуп, бөлүнгөн жылуулуктун саны табылат: 32г күкүрт күйгөн 297 кДж жылуулук бөлүнсө, 8 г күйгөндө х кДж жылуулук бөлүнөт: Q -? Жообу: Q =74,25 кДж