Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Казакта калган кыргыз кызы Төлөгөндүн ата теги кыргыз болчу. Бирок турмуштун оош-кыйышы, көчмөн жашоо, уруулар арасындагы чабыштар аларды казактын кең талаасына алып кетиптир. Ата-бабалары кылым ашырып ошол казак жергесинде жашап, муун алмашты. Кыргыз каны казакка сиңип, казак жери өз жерине айланды. Кең талаада кылым тете жашап, туулган балдары да ошол жерлик болуп, тагдыр аларды биротоло жипсиз байлаптыр. Бирок канында кыргыздын каны агып турган Төлөгөндүн жүрөгүндө дайыма бир эле арман бар эле. Ал - өзүнүн байыркы ата конушуна кайтуу. Ата-бабасы жердеген мекенине кайтып, кыргыз жеринин абасын жутуп өлсөм экен деп тилек кылчу. Жашоо кыйындап, казак талаасын ачарчылык каптап, суу тартылып, жер чаңкап, мал кырылып, эл дагы аргасыз көчмөй болду. Төлөгөн да ушул себептерге жамынып, акылында көптөн бери бышырып жүргөн чечимди ишке ашырууга бел байлады. Эл өзүнүн ыңгайына карап көчүп кете башташты. Төлөгөндүн көкүрөгүндөгү сагынычы жүрөгүн өйүп жүргөн кусалыгы жангандай болду. Бул кыйынчылыктын артында өз жерине кайтып келүү ою күч алды. Ошентип, тууган уругун топтоп: Менин силерди топтоп кеңеш курайын дегеним мындай. Биздин түпкү атабыз жердеген Ала-Тоого көчөлү деген ниетимди айтмакчы элем. Бөтөн жерди жердеп, аталарыбыз үч-төрт муун алмаштыра жашаптыр. Баарыбызга белгилүу болгондой, туулган жерге көчсөк деген сагынычы менен, бирок көчүп кете албай, бөтөн жердин боз топрагын жамынып кала беришти. Каныбыз биротоло казак менен аралашып, кийинки муундарыбыз бөлөк элге сиңишип кете элегинде көчүп кеткенибиз оң болор. Мен баарыңды кайт дебейм, ким кааласа өз жерибизге кайтып кетели деген оюмду гана ортого салдым,-деди. Туугандары ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Төлөгөндү ээрчигени да, ээрчибей, орун очок алган жерде эле калууну каалагандары да болду. Көч жеңил болгон жок. Анткени казак менен кыргыздын каны гана эмес, көз жашы, жаны да сиңишип калган. Кыз берип, кыз алышып, куда-сөөк болуп калган элден көчүү ар бир жүрөккө оор жүк эле. Көч көтөрүлгөн күнү Төлөгөндүн бир тууган карындашы Ташбү да төркүнү менен кошо кетүүнү каалаган. Бирок ал казакка турмушка чыккандыктан, үй-бүлөсү, күйөөсү, бала-бакырасын таштап кетүү ага мүмкүн эмес эле. Төркүнүнө кошула албай, боз үйдүн босогосун кучактап, узатып, ичинен сыздап кала берди. Саргайган сары талаада көч күн батышты көздөй акырын жылып баратты. Ташбү боз үйдүн босогосуна жөлөнгөн бойдон, көз жашын тыя албайт. Агасынын көчү көрүнбөй калганча тиктеп турду. Артта калган карындашынын карааны Төлөгөндүн жүрөгүн тилип өттү... Улам артын кылчайып караса, карындашы дале боз үйдүн босогосунда телмире карап турат. Ошол учурда ичинен сыздап: Ээх, кичинекей дөң болсо, ошону ашып кетсем, ушул карындашымдын телмире тиктеген караанын көрбөй калар элем. Калдайган жайык талаада каякка качып, кутулам... Артыңда аргасыз калып, сенден көз айырбай карап турган боорумду таштап, ар бир кадам азап менен арылап жатпайбы,-деп сыздаган экен... Ошентип Төлөгөн кыргыз жерине, өз топурагына кайтып келип, элине биригип, камыр-жумур болуп кетти. Жашоосу жеңилдеп, бала-бакыра, небере-чөбөрөлөрү менен бактылуу жашады. Уучу узарып, кыз берип, келин алып, очор-бачар болду. Бирок өмүрүнүн акырына чейин Ташбүнү унута албады. Анын боз үйдүн босогосун кучактаган бойдон агасынын карааны чекит болуп үзүлгөнчө карап турганын элестеген сайын жүрөгү бир булкуп алчу. Ал ар дайым балдарына: Карындашым кайсы ооданга көчүп кеткенин билбей калдым. Далай жолу издеп барсам табамбы деп ойлончумун. Бирок, сураштырып жүрүп да так маалымат таба албай, издеп бара албай калдым... Мунун себебин өзүмдөн көрөм. Карындашым менен “канжыгада көрүшөбүз” деп коштоштум эле. Ошондо “кайтып келем, сени менен катышты үзбөйм” деген сөздү айтпаптырмын. Балким ошондой убада берсем, карындашыма кайтып барар белем... Себеби, бардык айтылган сөз, ниет кудайдын кулагында болот экен. Эми кайып дүйнөдө бир боорума жолуксам, көрсөм деген арман менен аттанат окшойм. Кудай да ниетке жараша тагдырыңды түзөт экен да...”- деп кээде көзүнө жаш алып, ойлонуп отуруп калган учурлары көп болгон. Ушундайда ал балдарына акырын үмүт артып сөз таштачу: Эгерде силерде ошол эжеңерди табалы деген ниет болсо, издесеңер, бир күнү табылып калар... Бирок балдары Ташбү деген ысымды гана эстеп калышкан. Өзгөчө белги, сүрөт, кат болбогон соң, издесе да кайдан тапмак. Ошентип, бир туугандардын жашоосу эки элде бири-бирине сагыныч менен өтүп, көз жаштары жүрөктө өчпөгөн арман, куса, сагыныч болуп кала берди. Саргайган талаада боз үйдүн босогосуна жөлөнүп турган Ташбүнүн элеси, алыстаган көчтөн көзүн албай узата карап турганы - Төлөгөндүн тагдыр жолундагы эң оор сүртүм болду.