Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Мындан бир кылым илгери, күн чыгыш тараптагы бийик тоолордун койнунда жайгашкан Беш-Арал айылында Алымкул деген адам жашачу. Эл ичинде калыстыгы менен кадыр-баркка жеткен, жөнөкөй мүнөзгө ээ, мал жандуу, мээнеткеч эле. Алымкулдун атасы жалгыз уул болгон, атасындай Алымкул да жалгыз. Анысы аз келгенсип, өзү да жалгыз уулдуу. Алымкулдун апасы Бурул байбиче жалгызымдын жалгызы деп, небереси Назарды бөпөлөп, суук көздөн, жаман сөздөн калкалап өстүрдү. Назар да эр жетти, үй-бүлө күттү. Бирок көпкө чейин балалуу боло алышпады. Ошондо Бурул байбиче: -Ушул жалгыз неберем балалуу болсо, чеберемди колума алсам арманым жок эле,-деп, жараткандан күндө тилейт. Ошол таза тилек, кудайдын каалоосу менен быйыл небере келини кош бойлуу. Буга Бурул байбиче чексиз бактылуу. Келинин корчолоп, оор жумуш жасатпай аяп турат. Келини да өтө тарбиялуу, ыйбаалуу, жүзүнөн мээрим төгүлүп турат. Ошентип, ай күнүнө жетип, келининин да төрөй турган маалы келди. Төрөтү качан башталарын болжогон Бурул байбиче коңшу айылдан киндик энелерди сүйлөшүп, жада калса аларга берчү төрөт акыларын да алдын ала берип койгон. Келининин толгоосу башталары менен тажрыйбалуу киндик энелер деп эсептеген ал аялдарга ат чаптырды. Алар алдын ала даярданып турса, кабарчынын артынан кош атка чегерилип араба жөнөтүлдү. Араба менен киндик энелер да күүгүм талаш жолго чыгышкан. Кудайга жалынгандан башка аргасы жок Бурул байбиче боз үйгө миң ирет кирип, миң ирет чыкты. Жолду карап, көзү талыды. Келининин чамасы кетип, толгоодон кыйналып, алсырай баштаган. Толгоосу катуу болгондуктан, келин кечке кыйналып, киндик энелер келгенде алсырап, көзү илинип бара жаткан. Кайын эненин жүрөгү опкоолжуп: -Кагылайын кудай, ушул жаш келинимдин жеңил төрөп алышына өзүң жардам бер. Аман эсен көз жарып алса экен деп жалынат. Бала төрөлө элек жатып кара басып баратабы, кокуй, деги эне-бала аман болсо экен деп чырылдайт. Келиндин төрөтү кыйын болду. Киндик энелер улам күч берип, талыккан келиндин боюн жазып, эсине келтирип, чыйралтып атып, балканактай уулду төрөтүп алышты. Үйдөгүлөр сүйүнүп, кубанычтын көз жашы тыйылбады. Бурул байбиче менен келиндин кайын энеси көз жашын көл кылып, чүрпөсүн кучактап, кудайга ыраазычылык айтып, бири алкап, бири баланы жөргөктөп жатты. Төрөгөн келин шалдырап уйкуга кирип бараткан. Муну тиги эки киндик эне ойгото албай убара. Канчалык ойготууга аракет кылса да, келин эсине келбей кыйнады. Кансырап калган экен. Келиндин өңү кубарып, алсыз гана дем алат. Кан көп кетип жатканын байкаган Бурул эненин эси чыкты. -О, кокуй.муну кара басты, тез эсине келтирели деп, болгон аракетин жумшап көрдү. Бирок жыйынтык болбой жатты. Ошондо, акыркы аргасыбы, айтор, Бурул эне ордунан ыргып туруп, бычак менен келин жаткан төшөктү тегерете чийип чыкты да: Оо, жараткан! Бул келинге жиберген ажалыңды мага бер! Ушулардын алдынан кетсем арманым жок. Мен бул жаш келиндин ордуна барайын. Жаңы төрөлгөн бала жетим калбасын!..-деди да, келин жаткан төшөктү алгач үч, анан жети ирет айланды. -Ага келген ажалды мен алайын! Келиниме өмүр бер! – деп буркурап боздоп, тизелеп отуруп тиленди. Бир аздан соң, келин көзүн ачып: Суу, таңдайым кургап кетти,-деди. Кайын энеси сүйүнгөнүн жашыра албай: -Суу сенден айлансын, кызым! Суу ич, дагы жашайсың, дагы уул төрөйсүң! Ошентип, келин эсине келди. Баятадан бери тыным албай ыйлап жаткан бөбөктү эми эстешти. Жаш энеге баласын беришти, ал кичинекей чүрпөнү бооруна басып, ууз сүтүн бере баштады. Таң атып келе жаткан кез. Баскан турганы тың, кайраттуу Бурул эне таңга жуук бүк түшүп жатып калды. Көзүнүн нуру качкан, баягы кайраты жок, алсыраган. Жалгызы Алымкул менен анын байбичесин Айсалкынды, небереси Назарды кашына чакырды. Акыркы деми менен буларды айтууга үлгүрдү: Балдарым, минтип бүгүн бирибиз чеберелүү, бирибиз неберелүү, бирибиз балалуу болуп, кубанычыбыз чексиз. Жаратканга миң ирет шүгүр келтирсек да аздык кылар. Үйүбүздү бакытка бөлөп, бизге ушул кичинекей наристени алып келген келиндин өмүр жашы узун болсун. Назар неберемдин үй-бүлөсү бүтүн болуп, бактылуу өмүр сүрсүн. Булардын жакшылыгына силер да күбө болуп, көп жашагыла. Мага чеберемди алып келгилечи! Айсалкын ордунан турду да, жаңы төрөлгөн ымыркайды колуна алып, кайын энеси Бурул байбиченин этегине салды. -Айланып гана кетейин, бул наристе биздин уучубузду улады. Атын Анарбек деп коелу. Элге кадыры ашкан, мээнеткеч, кайрымдуу адам болсун. Албетте, эне. Бир үйдө болгон соң, көптөп көлдөп чоңойтобуз. Сиздин даанышмандыгыңыз менен бул чүрпө мыкты жигит болуп өсөт,буюрса,-деди Айсалкын. Бурул байбиче арык колдору менен араң кармап турган наристени Айсалкынга ал дегендей ишарат кылды. Андан соң акырын көзүн жуумп, бул дүйнө менен кошотошуп кете берди. Негизи кыргызда отурган же жаткан адамды эч качан айланбайт дешет. Ал жаман ырым, күнү бүтүп, ажалы жеткен адам гана айланант. Жашоодон кечкен адам ырым кылып айланса, ага ажал келет деген.