Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Тема: Көзү ачык шылуундун бетин ачтык | Иликтөө Бул видео — көзү ачыктарга алданып калган адамдардын окуясын ачып берүүчү чыныгы иликтөө. Бир жарандын 5000 доллар жана автоунаасын “баламды түрмөдөн чыгарып берем” деген шылуун көзү ачыкка берген. Бирок шылуун көзү ачык дароо жоголуп кеткен. Мен журналист катары ал адамды издеп таптым. Аны сынап көрүү үчүн өзү жасалган сүрөт менен “аялымды кайтарып берчи” деп кайрылдым. Чыныгы көзү ачык болгондо сүрөттөгү кыз дүйнөдө жок экенин баймак. Бирок ал сүрөттү карап жалган сүйлөп, ойдон чыгарылган нерселерди айтты. Биз жашыруун камера орнотуп, шылуун көзү ачыктын чыныгы жүзүн тарттык. Бул видеонун максаты — элге шылуун көзү ачыктарга ишенбөөнү, акчасын, үмүтүн жана ишенимин алдоочуларга коротпоону жеткирүү. 👇 Комментарийге пикириңди калтыр, видеону бөлүшүп, башкаларды сактап калыңыз! ——————————————————————————— ► Биздин социалдык тармактар: Instagram (Мунарбек): / munarbek_imarov ——————————————————————————— ► Бул чыгарылыштын үстүндө иштегендер: Монтаждоочу Бактыбеков Аскат Оператор: Бошкоев Алихан Автор жана алып баруучу: Мунарбек Имаров ——————————————————————————— ► Байланыш үчүн 0704507777 номуруна жазыңыздар