К.ТАШИЕВ КӨК-ЖАҢГАКТАГЫ МАДАНИЯТ САРАЙЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Бүгүн Көк-Жаңгак шаарында кубанычтуу күн. Калаада 30 жылдан бери каралбай келген маданият сарайы капиталдык ремонттон кийин пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Көк-Жаңгак шаарынын мэри Сыргабек Замирбек уулу, жергиликтүү кызматкерлер жана шаар тургундары катышышты. Буга чейин Маданият сарайынын имараты мышык ыйлай турган абалда болчу. Анын ичиндеги 500дөн ашык орундук,концерт өткөрүлүүчү зал, музей, бий залы талкаланып, майрамдык кечелерди өткөрүүгө таптакыр жарабай калган. Бул өз кезегинде жергиликтүүлөрдүн нааразчылыгын жаратып, маданият үйүнө көңүл бурууну көп жылдан бери суранып келишкен. Көк- Жаңгак шаарындагы маданият сарайы 1947-жылы курулуп, өзүнүн уникалдуулугу менен айырмаланат. Мурун шахта башкармалыгынын карамагында болуп, 2011-жылы гана маданият бөлүмүнө өткөрүлгөн. ------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan

Смотрите также