✅ Таңкы рейд: саат 07:00

🔶 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында алгач Айтиев жана Осмонов, Көкүм-Бий көчөлөрүнүн үстүнөн курулуучу эстакадалык көпүрөнүн долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 🔶Андан ары Көкүм-Бий көчөсүндөгү 280 балага ылайыкташкан №18 бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыгып, курулуш иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берди. 🔶 Ошондой эле Ош унаа базарынын бир бөлүгү (корея унаа базары) оңдоп-түзөөдөн өтүп, эртең толук ачылып, пайдаланууга берилет. Бүткөрүлгөн жумуштун сапатын калаа башчы жеринен көрүп чыкты. _________________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также