24.10.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн аймактык хаб боло алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди; Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин кыргызстандык эки банкка санкция салганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирип, Еврошаркетке атайын комиссия түзүүнү сунуштады; Кышында электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Нарындагы РЭСтин ачылыш аземинде Энергетика министринин орун басарына эскертти; Камактан мен бошотуп алдым деген шылоо менен 50 миң доллар опузалап алган укук коргоочу кармалды; Айып пулун төлөбөгөн айдоочуларга чектөө киргизүү сунушталды. Жаңы тартипке ылайык, карызы бар жарандар мүлкүн каттата же лицензия ала албайт. Мындай чектөө кошумча түйшүк жаратпайбы? ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм

Смотрите также