Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Мен жакында "жазуучулар жаңы жетилип келаткан муун жөнүндө, өз заманы жөнүндө жазбай калышты" деп нааразы болгондой пост эле. Ага жооп катары бир нече жазуучу өз чыгармаларын жиберишти. Көрсө, такыр эле абал начар эмес экен. Жаңы муундун мүнөзүн түшүнүүгө далалат жасап жаткан авторлор жок эмес экен. Ошол чыгармалардын бирин азыр назарыңыздарга тартуулайын деп турам. Буга чейин каналымда Жумагүл Барктабасованын бир нече чыгармаларын уктуңуздар. Бул жолку аңгеме “Куткаруучу” деп аталат. Бул - жаш өспүрүмдөрдүн ааламына кирип, алар менен таанышууга жасалган аракет. Алардын ааламында эмне болуп жатат? Кантип баш каарман өзү билбей чоң эрдик жасады? Аңгемеге сүрөттү болсо ошол баш каарман менен бир курактагы кызым Каныкей тартты. Автор: Жумагүл Барктабасова Окуган: Төрөкул Дооров Сүрөт: KanykeiD