Заардуу өгөй ата. 🎧 [Аудио китеп ] 📜

Адил ойлонуп көпкө отурду, үйлөнүп үч балалуу болсо дагы башынан өткөн азаптуу күндөрү такыр эсинен кетпейт. Басса-турса дагы өгөй атасы Жантайдын заардуу көз карашы, апасын ур тепкиге алып сабап жатканы көз алдына тартылып муштумдары түйүлө жаак тарамыштары кычырап көзүнөн от чачыла түшөт: “Азыр тирүү болсом, дал мени кыйнагандай кыйнамакмын, неге мени ошончолук жек көрүп өттүң экен”, - деп алат оюнда, Жамийла уулун канчалык коргогону менен алы жетчү эмес, бирдеме десе эле заарын чача сөгүнүп уруп согуп, жадагалса экөөнү тең жертөлөгө камаган кездеричи, Жамийла азыр элүүлөрдөн өткөн ак жуумал балпайган аял, жыйырма төрт жашында күйөөсү өлүп жесир калганда атасы анын көңүлүнө карабай туруп ушул Жантайга берип ийген, Адилбек ошол кезде үчкө толуп толо элек наристе болчу...

Смотрите также