ЧЫГАМАРДАН КЫСКАЧА ҮЗҮНДҮ... Эргулдун “байке башымды куткар” деген сөзү Боргулдун мээсин чагылгандын огундай көзөп өтөт. “Чын эле башын алып кетиш керек. Башын алып кеткеним өзүн алып кеткеним. Башын албасам иш чатагына айланат... Тааныйт... Сары-Өзөн Чүйдү карай куугун түшөт... Буга чейин уурдаган алтын-күмүштү кустурат... Зынданга салат... Кордойт... Эргулдун айтканы эп. Башын ала кетиш керек!” деп өзүнө өзү катуу шерт коюп, мындан башка ойду ойлогонго убактысы жетпей шашкалактаган Боргул бел куруна байлануу кынынан жалаңдаган шамшар бычагын шарт сууруп чыгып, кыл арканды белине байлап, бошогон сол колу менен Эргулдун ээгин өөдө тартып, жалаңдаган шамшар бычакты кокосуна терең матырып, оң тарабын көздөй житире жиреп жибергенде ысык кан шар этип жаба берет. Шамшардын учун моюн омурткадан суурбай туруп, сол тарабынан шилисине чейин житире матырып бурап тартканда Эргулдун башы денинен ажырап Боргулдун колунда калат. Боргул белинде жаадай тартылып Эргулдун денине байланып турган кыл арканды шамшар бычак менен шарт кесип жибергенде казынанын ичи калдыр-шалдыр дүң түшүп, шатысы да, жаны да, дени да, өлүүсү да, тирүүсү да түбүнөн омурулган дарактай чогуу кулайт. Жанагы Эргулдун бутун кое бербей кош аяк шатыга чыгып ылдый тартып турган сарт кароолчу “баа!” деп бакырып “былч!” деп жерге түшкөн Эргулдун мойнунан шүүшүндөп каны аккан башы жок денесинин алдында калат...