Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ак-Талаалыктар алааматка карабай айылын оңдоп жаңыртты. 1992-жылы, Ак-Талаа районунун ошол кездеги акими Дөөлөтбек Берикбаев Баетов айылында бир квартал көчөдөгү эски дубал дүкөндөрдү бүт буздуруп, эки соода комплексин жана башка соц.обьектери, кеңири сахнасы менен келишкен Борбордук Дөрбөлжүн аянтын райондун ички резервинин эсебинен курдурган. -28 жыл мурда курулуп, кийин каралбай жайма соода жүрүп, чакчелекей контейнер, күркөлөр коюлуп, оор жүктүү фуралар өз алдынча тебелеп-тепсеп, аянтка жумалап токтотуп, эл үчүн арналып салынган Борбордук аянттын таш талканы чыгып, акыр чикирге толгон. -Жаңы аким Сейтек Кулубаевдин, Баетов айылын Ковид мезгилине карабай көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча көтөргөн демилгесин колдогон Дөөлөтбек аксакалдын өздүк каражатына аянт кайрадан жаркырап, 2020-жылдын апрелинен август айына чейин толук оңдолуп-түздөлдү. Демилгени колдогон жаш ишкер Мирбек Раимовдун комуз китеп композициясы, аянттын көркүнө көрк кошту. -Ошентип алааматка карабай, Ак-Талаалыктар айылын оңдоп алышты. Төмөндө аянттын, оңдогонго чейинки жана оңдогондон кийинки көрүнүштөрү.