Ак-Талаада союз тарагандан бери алгачкы жолу силос бастырылды

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылында союз тарагандан бери алгачкы жолу силос жасоо колго алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, 12-сентябрь күнү Терек айылынын Сооронбай чөлкөмүндө «Талаа күнү» аталыштагы чыктуу тоют камдоо, жүгөрү өстүрүү, силос даярдоо жана бастыруу боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарга облустук, райондук бийликтин өкүлдөрү, айыл чарба бирикмелердин башчылары, дыйкандар жана фермерлер катышты. Анын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук айыл чарба департаментинин башчысы Уланбек Казиев дыйкандарды чыктуу тоют камдоого чакырып, алгач өзү 1 гектар аянтка «Пионер» сортундагы тоюттук жүгөрү айдагандыгын маалымдады.

Смотрите также