12. Тоголок-Молдонун 130 жылдык мааракеси: Бишкектеги расмий иш-чара

Бул көрсөтүүдө 1990-жылы өткөрүлгөн Тоголок Молдо атабыздын 130 жылдык мааракесине арналган Бишкек шаарындагы салтанаттуу расмий иш-чарасынан берүүнү сунуштайбыз. Расмий жыйында дүйнөлүк жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев жана Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасы Асан Жакшылыков Тоголок Молдо атабыздын чыгармачылыгы, баскан жолу жана жасаган эмгектери боюнча кеӊири баяндама менен бейнесин ачып беришкен. Иш-чарага республиканын жетекчиси Абсамат Масалиев, Премьер-министр Апас Жумагулов, Жогорку Кеӊештин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеӊештин депутаттары, министрлик ведомстволордун башчылары, облустардын губернаторлору, район жетекчилери, чет элдик расмий коноктор, акын-жазуучулар жана башка бийлик өкүлдөрү катышышкан. Тоголок Молдо атабыздын чыгармачылыгынын, өмүр жолунун даӊкталышына бул иш чаралар дагы бир эсе салым кошкон.

Смотрите также