Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Бүгүн биз силер менен Кудайдын Өз сөзү Ыйык Китепте жазган адамзаттын тарыхын жана анын куткаруу жолун караганды улантабыз. Биз Кудай Синай тоосунда Өз элине мыйзамды бергендиги жөнүндөгү окуяга келип жеткенбиз. Бул мыйзам күнөөнү көрсөтүү үчүн, адам мыйзамды Кудайдын талаптарын аткара албастыгын көрсөтүү үчүн берилген. Адам үчүн бул мыйзамды аткарууга мүмкүн эмес болгон, анткени Кудай ыйык жана Кудайдын мыйзамы, Анын талабтарын жүз пайыз аткарышы керек болгон. Биз бул жөнүндө караганбыз жана Кудай бул кырдаалдан чыгуу жолун Өзү берген. Кудай Мусага жыйын чатырын курууга буйрук берген. Жана Муса аны Кудай кандай буюрса өзү эч нерсени кошпостон так ошондой кылып курган. Күнөөөкөр адам ал жыйын чатырда курмандык чалып бул аркылуу анын жазасы кийинки жылга жылдырылган. Анткени күнөөсүз малдын каны күнөө үчүн жаза өлүм экендигин күбөлүгү катары болгон. Бул Кудай көрсөткөн чыгуу жолу болгон. Жана биз булардын баарын мурунку насаатта караганбыз. Эми чыгуу жолу табылгандан кийин, башкача айтканда эл күнөөлүү болсо да, Кудай Өз элинин арасында жашай берген,анткени элдин арасында жайгашкан жыйын чатыр аркылуу, б.а бул жол аркылуу эл андан ары сапарын улантууга мүмкүн болгон. Ошентип эл Синай тоосунан Канаанды көздөй сапарын улантып баштаган. Биз бул сапардын майда-чүйдөсүнө чейин токтолбойбуз, бул сапарда эл тынымсыз Аарунга жана Кудайга наалышкан. Жана Кудай аларды жазалап турган. Кудай аларга асмандан күн сайын манна жаадырып турган, эл маннадан күн сайын эртең менен чогултуп андан ун, нан жана ар кандай тамактарды жасашкан, кыскасы Кудай аларды асмандагы тамак менен азыктандырган, ошондой эле алардын суусу жок калганда Кудай алардын суусунун кандараы турган. Бир күнү алардын түгөнгөндө, Муса Кудайга эл суусу жэок наалып жатат деген. Ошондо Кудай Мусага колуңдагы таяк менен асканы ур, ошондо андан суу чыгат деген, Кудай кандай айтса так ошондой болду, Кудай элдин көз алдында ар кандай кереметтерди жасап, аларга дайыма кам көрүп турду, бирок ошентсе да эл дайыма Кудайга наалышкан, ошентип отуруп алар Канаанга келип жетишти. Жана Канаанга кир\ээрде буга чейин болуп көрбөгөн эң жаман окуя болду, анткени алар Канаандын көптөгөн элинен коркушту, алар Канаанга барар алдында ал жерге чалгынчыларды жиберишкен. Чалгынчылар кайтып келишип, бул эл аябай көп жана абдан күчтүү экен алар бизди бадарыбыз менен кошо баарыбызды жок кылышат дешти. Муну уккан элдер, Муса менен Аарунга Мисирде эле өлүп калсак эмне, силер бизди бул жерге өлтүрүп жок кылуу үчүн алып келдиңерби дешип наалып ыйлашат, Муса болсо аларга силер Кудайдын көптөгқн кереметтин көрсөңөр дагы эмне үчүн Кудайга ишенбей жатасыңар дейт. Ошондо Кудай Мусага бул эл ишенбестиги үчүн Кааанга кирбейт деди. Аларды кайрадан мисирге кое бер , бул муун жок болмойунча Мисирди көрбөгөн жаңы муун келмейинче Мен бул элди Канаанга киргизбейм деген. Ошентип Муса эл менен чоогу Синай чөлүнө келди. Алар кээде көпкө чейин токтоп, кээде кайра жолун улантып, абдан узак убакыт жол жүрүштү. Бирок ошентсе да Кудай аларды калтырган жок, Кудай 40 жыл бою алардын суусунун кандырып, аларды азыктандырып, алар үчүн кам көргөнү,ошентсе да Кудайдын жолдорун такыр түшүнбөгөн кайра табигый адамга окошоп, алар дагы эле Кудайга нааразы болушту. Ошондо Кудай алар жөнүндө: алар Менин кереметтеримди көрүшсө дагы, алар Менин Өзүмдү, Менин жолдорумду таанып билишкен жок деген, ал эми Кудайдын жолдорун ьаанып билүү деген эмне?