Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅ Рейд: Эски Ош базарын жана Ак-Буура дарыясынын жээгин бошотуу иштери
🔸 Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо менен тосуп, мектептин сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди. 🔶 Андан ары Бабараимов көчөсүн кеңейтүү, эски Ош базарын бошотуу иштеринин алкагында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, ыкчама жумуш алып барып, иретке келтирүүнү тапшырды. Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын корук аймагына үйдөн баштап, ажаткана, койканага чейин салып алган курулуштарды алып салуу боюнча иш алып баруу керектигин белгиледи. _________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия