Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅ Жаңыланган “Үмүт” бала бакчасы пайдаланууга берилди
📆Ош шаары, 7-ноябрь 🔹Бүгүн Ош шаарында 2 кабаттан турган 75 орундуу “Үмүт” бала бакчасынын ачылыш аземи болду. Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты 🔹Бул бала бакчанын имаратынын эскилиги жетип, оор шартта иштеп келген. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен эски имаратты сүрдүрүп салып, ордуна жаңы, заманбап бала бакча курулду. Ошондой эле балдар ойноочу аянтчалар, беседкалар жана отургучтар орнотулду. 🔹Ачылышта мэр бала бакчага интерактивдүү доска белек кылып, келечек ээлерине татыктуу камкордук көрсөтүп, мээрим менен мамиле жасоону эскертти. Ага улай мамлекеттик бала бакчалардагы түзүлгөн шарттарды жакшыртуу иштери улантыларын белгиледи. _____________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия