Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅ Эски Ош базары тазаланууда, Ош көчөсү (Жийделик) кеңейтилет
🔶 Таңкы рейддик кыдыруунун алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эски муниципалдык борбордук базарга барды. Мында соода контейнерлерин алып чыгаруу, тазалоо, дарыянын корук аймагын бошотуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 🔶 Андан ары Ош көчөсүн Бабараимов көчөсүнүн кесилишинен тарта Жийделик айылы аркылуу Касымбеков көчөсү, Манас ата эстелигине чейин башкы планга ылайык жолду кеңейтүү боюнча үйлөргө кирип, ээлерине жол салынчуу аймакты бошотуп берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. _________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия