“Көчмө бала бакча” долбоору старт алды

Бишкектеги №93 мектепте «Көчмө бала бакча» пилоттук долбоору старт алды. Анда Ленин районунда жашаган 22 бала мектепке чейин билим алууга тартылган. Аларды И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика факультетинин «Мектепке чейинки билим берүү» кафедрасынын мугалимдери 36 саат окутат. Андан соң, аталган окуу жайдын 4-курсунун студенттери практикасын адистер менен биргеликте өтөшөт.

Смотрите также