Ирина Суеркулова - Кыргыз Республикасынын эл артисти

Кыргыз Республикасынын эл артисти Ирина Суеркулова 1990-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. 1994-жылы ушул эле окуу жайда эмгек жолун баштап, таланттуу жаштарды тарбиялап келет. 1994-жылы «Акак» комузчулар ансамблин негиздеп, мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга катышуу менен, улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. 2003-жылы КРнын эл агартуунун отличниги, 2013-жылы КРнын маданияттын мыкты кызматкери, 2019-жылы КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2021-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору, 2024-жылы КРнын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Смотрите также