Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бүгүн, 10-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, КМУнун экс-ректорлору, ЖОЖдордун ректорлору, Россиянын, Казакстандын, Венгриянын, Япониянын, Кореянын, Кытай Эл Республикасынын, жогорку окуу жайларынын ректорлору, Кыргыз Республикасындагы элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун 80 жылдыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхын чагылдырган көркөм-театрлаштырылган пролог тартууланды.