Проза / Нуржан Тойчикеева / Мар Байжиев "Төрт адам" (драмалык аңгеме) - Нази

Мар Байжиев “Төрт адам” (драмалык аӊгеме) Нази Азиз жээкке барып, кайыкка түшө баштады, кайык козголду. Мен анын ар бир кыймылына көз салып турдум. Ал кайыкты көлгө түртүп, калактарын орното баштады. Мен жүгүрүп бардым да, кайыкты аткый кармай жээкке сүйрөдүм. Токто! Азыр сен кетип каласың, баарын унутасың, мен болсом ушул жерде жалгыз калам. Эмне үчүн сен капкайдагы бакты жөнүндө сурап жанымды кейиттиң? Уккун. Сенин ким экениңди, кайдан келгениңди билбейм, билгим да келбейт. А бирок айтаарым бар. Жок дегенде биртирүү жанга ичимдеги күйүтүмдү айтышым керек го! Эмне үчүн баарыңар макулдашып алгансыпжалгыз мени айыптайсыңар? Эмне үчүн андан кете албай имерчиктеп калганымды сурабайсыңар? Өгүнүаялы чуу көтөрүп, бирөөнүн үй-бүлөсүн буздуң, акчасы менен машинесине кызыктың дешти. Акчасыменен кара жерге кирсин! Анын эч нерсесине кызыкканым жок. Бардык айыбым, корком! Жалгыз калгандан корком. Бала кезимен коркконумжалгыздык. Апам кургак учук менен ооругандан тартып биздикине эч ким каттабай калды. Мына ошондон тартып жакыны жок жалгыздын уяттан да, өлүмдөн да жаман экенин түшүндүм... Кийинчерээк башыма иш түшүп, тигил мени түрмөдөн куткарганда өзүмдү чын эле бактылуудай сездим. Мен аны караан тутуп, анын күчтүү колдоруна таянып, ал үчүн бардыгына чыдадым. Бүт аалам мынабу көтөргөн көктөй туптунук болуп ажайып сезилди. Адамзат өтө сүйкүмдүү көрүндү. Бүт дүйнө мага жылмайып тургандай болду. Ал тургай кашка баш администратор да көзүмө бир аянычтуу бечарадай көрүндү. Мен өзүмдү бакыттын канаттарын жайып, тунук асманда тургандай каалгып жүргөндөй сездим... Ал өзүнүн үй-бүлөсүн таштабасын, эч качан мага үйлөнбөсүн билсем да, кейиген жокмун! Себеби өзүм да балалуу болгону калгам... Азиз кайыктан чыгып кырына отурду. Эми анынкетип калбасына көзүм жетип, жай баракат сөзүмдү уланттым. Ал үн катпай уга берди. Ошентип жүргөнүмдө ал өзүнүн жүзү каралык кылганын айтып берди. Жер астын-үстүн болуп, бүтдүйнө көзүмө суук көрүндү. Чок басып күйбөй, жылаӊач калып уялбай жүргөнүмдү ошондобилдим… Күйүтүмө чыдабай төрөт үйүнө бардымда, жүрөгүмдүн астында жашай баштаган наристемди... өлтүрттүм... жалгыз калдым… Андан кийин эмне болгонун жакшы деле билбейм. Баарынан көңүлүм сууду. Күйүтүмдү унутуш үчүн, көрүнгөн бирөө менен кете бергим келди... балким ууру болуп, ичкич, жүргүч да болуп кетет белем. Башка бирөөгө жолукканда эмне? Өчкөн отумкайтып тутанат беле? Өзүмдү-өзүм алдагым келгенжок. Ошентип тигини менен кала бердим... Бары бирал эртеби, кечпи, менден кетет. Анан мен карар-көрөрүм жок, же баламдан жок жападан жалгыз кала берем... Мен башымды көтөрүп Азизди карасам, ал унчукпай ойлуу отуруптур. Сөзүмдү угуп бергениңе рахмат... Эми кете берсең болот... #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также