Монолог / Нускайым Бекмуратова / Чыңгыз Айтматов "Саманчынын жолу" (повесть) - Толгонай

Чыӊгыз Айтматов “Саманчынын жолу” (повесть)   Толгонай   Кыш ортолоп, аяздуу күндөрдүн биринде, устаканада аттарды такалатып жүрөт элем, сизге шашылыш телеграмма келиптир деп, башкарма алакандай кагазды ала чаап келди. “Кой, кокуй бул эмнеӊ?” ‒ деп жибериптирмин. “Ой, Токон жеӊай, коркпоӊуз, бул телеграмма Майсалбектен экен, Новосибирден жибериптир, бери басыӊыз! ‒ деди Үсөнбай. ‒ Азыр токтобой станцияга жөнөӊүз, уулуӊуз эки күндө биздин станциядан өтөт экен, жолугуп калайын дептир. Чөп-жем салдыртып, арабаны дайындатып койдум, Толгонай жеӊе,кечикпей жөнөӊүз!”. Сүйүнгөнүмдөн эмне кыларымды билбей алдастап, устаканада нары жүгүрүп, бери жүгүрүп, анан түз эле үйдү көздөй бет алдым. “Майсалбегим тоссун дептир! Майсалтайым келсин дептир! Сени тоспогондо кимди тосом, кагылып кетейин уулум. Тимеле учкан куштай жөө жүгүрүп отуруп барармын!” ‒ деп эле өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыкыроон аязда алашала тердеп келе жаттым. Ушинтип отуруп, станцияга күн батарда жетип бардым. Станция турган капчыгайдын ичи, шамалдын уюткусу ошол жерде эмеспи, кар учуруп, ыркырап турган экен. Анткиче болбой, алыстан поезддин үнү чыкты эле, менин буту-колум титиреп, жүрөгүм колкомо тыгыла түштү. Бурганак сапырып паровоз өтөчыкты да, поезд токтоду. Вагондордун ичи жык толгон жүргүнчүлөр экен, катын-балдары да бар,көбү солдат. Кимдер экенин, кайда бара жатканын кудай билсин, Майсалбек көрүнбөйт. Поездди жандай жүгүрүп, эшиктерден башбаккан кишилерден: “Субанкулов Майсалбек барбы? Айткылачы айланайындар, Субанкулов Майсалбек барбы? ‒ десем, кай бирлери билбейбиз дешсе, кай бирлери унчукпай, кай бирлери күлүп да коюшту. Ушинткиче болбой поезд ордунан козголуп, жүрүп кетти. Колумдан алдырган немедей, турдум да калдым. Поезд илгерилей түшкөндө, аны узатып жүргөн темир жолчу келип, кимди тосуп жүрөсүӊдеп сурады. Жайымды түшүндүрүп, ага Майсалбектин жиберген кагазын көрсөттүм. Көрсөтсөм, көз айнегин кийип, окуп чыкты да, сиздин уулуӊуз аскер эшелону менен келе жатыптыр. Ал эми кайсы эшелон экени, кайсы убакытта өтөрү белгисиз. Кечикпесе, бүгүн-эртеӊден келип жетиш керек. А, балким, өтүп да кеткен чыгар, күнүнө нечен эшелондор өтөт, кээде токтобой да кетет дегендей арсар айтты. Менин бозоргон түрүмдү көрүп, темир жолчу аяп кетти окшойт: “эми суукта турбай, тигиндей кирип отургунуӊ, улам поезд келерде алдын ала чыгып тосуп тур” ‒ деди.Бир убакта поезддин үнү угула калды эле мен сыртка чуркап чыктым. Түн жамынып жин ойногондой, шамал этек-жеӊден булкуп, паровоздун ысык деми бетке уруп, өтө чыкты да, жүк ташыган поезд жай келип токтоду. Мында келе жаткан солдаттар көрүнбөсө да: “Майсалбек! Майсалбек, барбы?” ‒ деп вагондорду кыдыра жүгүрдүм. Эч кимжок. Поезд кай тараптан келбесин, күүсүн кулагымчалар замат, кокус келип жетпесин деп, улам куржунду көтөрө жүгүрүп, тосуп жүрдүм. Нечен эшелондор өттү, бирок, биринде да Майсалбекти жолуктура албадым. Түн ортосуна жакын жер күүлдөп солкулдаганынан эшикке чуркап чыктымэле, капчыгайдын нары жагынан да, бери жагынан да паровоздордун бакырыгы угулуп, эки поезд эки жактан келе жаткан экен. Ушинтип жол карап, күткөнүмдөй болсочу, кокуй!.. Шашканымдан кай жагына умтуларымды билбей алдастап, эки жолдун ортосунда камалып калган экенмин, каршы-терши зуулдап келген поезддер, урган-соккон бойдон токтобой, вагондордун астына учуруп жыкчудай алка-жакадан булкуп силкти. Ошол куюн-чымыншака-шактын ичинде да, чагылгандай жарк-журк эткен вагондордун терезе эшиктерин сагалап, алда кокуй, Майсалбегим ушунда өтүп кетип калбагай эле деген ой, бүткөн боюмду титиретип, эсимди оодарды. Дөӊгөлөктөр чуркаган кош темир жол ошондо менин жүрөгүм зыӊылдагандай, зыӊ-зыӊэтип онтоп жатты. Күн чыкты, түш да болду, түӊүлүп да калдым. Майсалбек мен келгиче эле өтүп кеткен экен го, болбосо станцияга келген бир да эшелон койбой тосуп жаттым. Эми эмне кылам? Майсалбек менен жүз көрүшпөй калганым ушулбу? Суук кечээгидей эле коё бербей, жөө-бурганактап жел козголуп турду. Бир убакытта чамгылттаган булуттарды жиреп, күнтийди. “А-а, кудай ай, ушул күндөй болуп уулум жарк этип көзгө көрүнө калсачы! Келтирегөр, кудай, жолуктурагөр!” ‒ деп жалындым. Ушул арада чыгыш тараптан паровоздун айбаттуу кыйкырыгы угулуп, станцияга келе жаткан эшелон көрүнө берди. Менин демим кыстыгып, жүрөгүм алып учту. Куйрук улаш эки паровоз чиркелип, түтүн, буу, кара чоюн, кызыл темир дөӊгөлөк күркүрөп, шакылдап өтө берип,адегенде жайдак вагондордо чүмкөлгөн замбирек, танкилер жанындагы мылтыкчан кишилери менен көзгө урунуп, анан вагондордун эшигинде топтолгон солдаттар, кыяк, ыр, сөз ‒ кулакка, көзгө илинбей алмашылып зуулдады. Колуна желекче кармаган кандайдыр бир темир жолчу, жүгүрүп келип, мени көкүрөккө түрткүлөп темир жолдон четтете берди... Уландысы комментарийде 👇 #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также