Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Касымалы Жантөшев “Чолпонбай” (аӊгеме) үзүндү Дон суусун кечип өтүп С. селосунун алдындагы бийиктикти ээлеп, анан С. селосун алуу үчүн биздин бөлүккө приказ берилди. Албетте, приказ – приказ!.. Бул приказ – Ата-Мекендин приказы… ‒ Өлүм үчүн же гүлдөй турган өмүр үчүн ким барат? ‒ Мен, жолдош лейтенант!“Мен” деген сөздү айтууга баары камынса да, Чолпонбай бардыгынан мурда айтты. Командир Чолпонбайды кучактап, маңдайынан өптү да: ‒ Баргын, Тянь-Шандын баатыры! – деди. Арадан бир мүнөт да өтпөй, Чолпонбай өзү сыяктуу азаматтар менен бирге жөнөп кетти. Элин, жерин сүйгөн Чолпонбай бир жерге келип токтой калды, себеби алдынан кеңдиги жыйырма метрдей чөпсүз такыр жер жолукту. ‒ Жолдоштор, бул такырдан жылып да, чуркап да өтүүгө болбойт. Душман көрүп калат. Демек, шалаакылык кылып, душманга көрүнүп калсак, андабиз Ата-Мекендин алдындагы башкаруунун ыйык милдетин аткарбаган болуп табылабыз. Ошондуктан бул такырды айланып өтүшүбүз керек, – деди Чолпонбай. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Чолпонбайлар Дон өзөнүнүн чыгыш жээгиндеги камышка келип токтошту. ‒ Жолдоштор! Бул жерден сүзүп өтүүдөн башка эч чара жок. Андыктан сүзүп өтүшүбүз керек – деп, командир сууну көздөй жылды. Чолпонбайлар жабылып сууга киргенде, каардуу душмандар көрүп калып, автомат жана пулемёттонок жаадырды. Мемиреген суунун үстүнө жааган мөндүр кандай болсо, Чолпонбайларга каршы атылган октун келип сууга түшүп жатышы дал ошондой эле… Ысык-Көлдүн балыгындай сүзүп, Чолпонбай бат эле суунун наркы өйүзүнө чыкты. Анын артынан жолдоштору да чыкты. Бардыгыжабыла чуркап, бийик чапка жармашышты. Көзачып-жумганча эмне кылуу керек деген ой Чолпонбайдын башына келе калды. ‒ Жолдоштор! Бул жардын кемерлери бизге жардам бербейт. Кандай гана болсо да, дзотту талкалаш керек! – деп, Чолпонбай дзоттун тиги тарабынан чыгууга жылып жөнөдү. Адам эмес, тарсылдаган үндөн коркуп коргологон канаттуулар, Дондун ак балыктары баштарын көтөрүп Чолпонбайга карагансыйт. Жандуулар эмес, жансыз табияттын өсүмдүктөрү да Чолпонбайга багынгансып, баштарын төмөн ийгенсийт. Ажал менен таалайдын сааты кармашып жатты. Чолпонбай болжогон жерине жетип, дзоткокарата биринин артынан бирин зыркыратып гранаталарды ыргытып жатты. Бирок ийинде жаткан жети баштуу желмогуздар аракетин токтотпой, ажалдын огун себе беришти. Мына бул жердежаткан жолдошторунун кыймылдоого эч мүмкүнчүлүгү жок. Өйүздөгү батальон чабуул коюп келип, жардам берүүгө да эч кандай ылаажысыз. Кана кантип жардам бериш керек эле? Жабыла ат коюп, паанасыз ачык талаага чыгып, чыркыраган окторго төштөрүн тосуп, бөөдө өлүм болуу керекпи? ‒ Жок… жок… Дал ушул шартта бөөдө өлүм болуу – барып турган макоолук… – деп, Чолпонбай өзүнө өзү күбүрөдү да, ажалдын ачкычы, таалайдын кулпусу ушул мүнөттө менин колумда. Ооба, бир боорлорумдун таалайы, жети баштуу желмогуздардын ажалы менде деп, көзүнүн отун жайнатып, жыландардын уюгу болгон дзотко карадыда, ооба… боорлорума карата атылып жаткан октордун бирин дагы кетирбей тосуп турсам, батальондун бактысына жол ачылып, жети баштуу желмогуздарга көрдүн эшиги көрүнөт, – деди. ‒ Мына, менин ата-бабаларым ким экенин бүт дүйнө билсин… Бүткүл дүйнөдөгү адам баласы өзкөзү менен көрсүн. Айтканынан кайтпаган, ажалдан башын тартпаган, өлүмдү билбеген, душманга башын ийбеген баатырлардын тукуму – мен… Менин бабаларым өз доорунун баатырлары болуп, ошол өз доорунда Ата-Мекендин ыйык милдеттерин аткарган. Мына мен дагы элим үчүн, жерим үчүнАта-Мекендик ыйык милдетимди аткарам! Кош, тууган эне, тууган эл, тууган жер!.. – деп, көз ачып-жумганча дзотко жетип, дзоттун тешигин басып, пулемёттун оозуна жүрөгүн тосо берди… Бул укмушка карап турган жолдоштору эмес, кара жер да солк эткенсиди. Көрүп тургандаркөздөрүнө ишенбеди. Бирок чындык ишендирди. Бул чындыкты адам эмес, желге башын ыргаганөсүмдүктөр да макулдады. Жети баштуу желмогуздардын огунун бирин да Чолпонбайдын жүрөгү сыртка жиберген жок. #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение