Аза Ишенбеков - Жетим-Тоо | Коргоп алчу, аркаңда элиң турат

Жетим тоом, аласың көздүн жоосун да, Жерибеймин, эбегейсиз коозсуң да. Алтын күмүш, жез темириң бар үчүн, Айтыласың, ар бир элдин оозунда. Далай чокуң, арасында булуттун, Дарыяга, боорунду ачып урунттуң. Суктандырып, койнуңдагы кендериң, Сугундасың, ар бир түркүн улуттун. Турбасак экен, башкаларга тарттырып, Турасын сен,арманыңды айттырып. Кыргыз эмес, кытайларың ашыгып, Киришүүдө, кызыгуусун арттырып. Сыймыктанам, сендей ыйык жерим турат, Суктандырып, кучагыңда кениң турат. Коркпогун Жетим-Тоо жалгыздык жок, Коргоп алчу, аркаңда элиң турат. Сага элиңдин, жумшак назик боору керек, Сен тешилсең, кыргызга оору келет. Бооруңду ачып, монгуңду булгап алсак, Дарыяң соолуп,к араңгылык доору келет. Турмуш кыска, келип кеткен куюндай, Турчу бекем, алсыз болуп туюлбай. Таш көрүнүп,элиң токсуз калбасын, Токтогулга, чоң Нарының куюлбай. Асыл элим,ыйык менин мекеним, Унутпагын, тоо байлыгың экенин. Керек болсо, ата-бабаң өмүрдө, Байырлаган, улуу тоонун этегин. Мен сени, коргойм деп сөз бердимби, Демек анда, максатыма жетемин   / temirovlive   - биздин патреонду колдогонуңузга чоң ыракмат!

Смотрите также